Бишкекте Абай көчөсү убактылуу жабылды

Жазылуу
Мэрия шаардыктарды автотынгынга кабылуусун алдын алуу максатында алдын ала башка жолдорду тандап алууну сунуштады.

БИШКЕК, 13-июл — Sputnik. Жылуулук берүүчү тармактарды оңдоп-түзөө үчүн Абай көчөсүндөгү кыймыл убакытлуу токтотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

12-июлдан тарта Абай көчөсүнүн Медеров менен Гастело көчөлөрүнүн ортосундагы аймак жабылган. Андан сырткары Медеров көчөсүнүн түндүк-батыш тарабындагы кыймыл чектелген. 

Мэрия шаардыктарды автотынгынга кабылуусун алдын алуу максатында алдын ала башка жолдорду тандап алууну сунуштап, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0