"Ата Мекен" түрттүрүлө турган Бишкектин борборундагы үй ээлерине эмне убадалады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн мыйзам долбоору менен 1996-жылдагы курулуштарды сүздүрүп салууну сунуштап, ал коомчулуктун нааразычылыгын жаратканы бар. Ал эми документтин жаңы редакциясында сатып алуунун механизмдери жана бир катар нормалары сунушталган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Бишкектин борборундагы эски курулуштарды түрттүрүп салууну караган ызы-чуулуу мыйзам долбоорун кайра карап чыкты.

"Ата Мекен" фракциясы Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүнү сунуштаган.

Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштарылып, коомдук талкууга коюлган. Документ эл арасында нааразы пикирлерди жаратып, демилгечилерди эл жолугууга чакырып, суроолорун берип, сүйлөшкөн. 

Эми фракция мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жаңы долбоорун элге алып чыкты. Мурдагысында, 1996-жылга чейинку курулуштарды түрттүрүү каралса, эми алар мөөнөтү шарттуу берилерин, маселен, 1991-жылдан аркылар болушу мүмкүндүгүн айтты.

Мыйзам долбоорунда түрттүрүлгөн үйгө канча компенсация берилери жана чыгымдар кантип эсептелери төмөнкүчө келтирилген. 

  • биринчи, алып жатканда тарткан чыгымдары менен кошо келтирилген чыгымдын орду кыймылсыз мүлктүн базар баасындагыдай нарк менен төлөнүп берилет;
  • экинчи, базардагы баа боюнча жер тилкеси теңдештирилип берилет;
  • үчүнчү, базардагы баа боюнча каралып, турак үйдөн берилет.

Ар бир кыймылсыз мүлктүн базар баасы өзүнчө каралып, эсептелет.

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөр кандайча түрттүрүлөт? 10 суроо-жооп
Ошону менен катар эле кыймылсыз мүлктүн ээси алынган батиринин аянтынан кем болбогон батирге акылуу. Аны менен бирге жаңы үй өзүнүн баасы менен, ал эми алынып жаткан эски турак-жай базардагы баа менен өлчөнөт. Бул шарт үй ээлеринин турак жайын жана анын аянтын жакшыртып алууга шарт түзүп берет. Мындай жагдайда курулуш иштери бүткөнчө үйдүн ээсине ижара акысы төлөнүп берилип турат. 

Мындан сырткары демилгечилер шаардын башкы планына жана долбоордук пландоого туура келбеген эски курулуштарды, эски имараттарды, үйлөрдү гана түртүрүүнү сунуштап жатышат. Муну менен бирге эле 1996-жылдан кийин (башка вариантта 1991-жыл) башкы планга ылайыктабай салынган үйлөр мыйзамдаша тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0