Милиция таңкы төрттө асылып өлүүгө аракеттенип жаткан кишини ажалдан алып калды

© flickr.com / Nick Vidal-HallАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 12-июлда Шералиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаран мындай кадамын жалгыздыктан жадагандыгы менен түшүндүргөн.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган жаранды ажал оозунан алып калган. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 12-июлда саат таңкы төрттөр чамасында болгон. Шералиев—Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициясынын кызматкерлери суицид жасоо үчүн даракка жип илип жаткан жаранды байкап калышкан.

"Кайгуул милициясынын үч кызматкери жипке асынып алууга жетишкен кишиге жетип барып, аны бошотуп калууга үлгүрүштү", — деп айтылат маалыматта.

Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, бир нече убакытттан кийин өзүнө келген. Ал мындай аракетин жалгыздыктан жадагандыгы менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0