Прокурор: Аскаровду тартип коргоо кызматкерлери эмес, камералашы сабаган

Жазылуу
БУУнун адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду "мыйзамсыз камалгандыгын, адам чыдагыс шартта кармалып тургандыгын, кыйноолорго кабылып, ага жаман мамиле жасалгандыгын" белгилеген. Эксперттер бул боюнча соттук териштирүү болушун жана Аскаров абактан бошотулушу керектигин айткан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Азимжан Аскаровго тартип коргоо органдары эч кандай ыдык көрсөтүп, кыйнаган эмес, аны өзү менен кошо жаткан камералашы сабаган. Бул туурасында Жогорку соттун өтүп жаткан соттук жараянында прокурор Нурлан Тагаев айтты.

Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук соту карамай болду
Жогорку сот дүйшөмбү күнү, 11-июнда өмүр бою түрмөгө кесилген Аскаров боюнча өкүмдү карады. Ага бул иш боюнча ачылган жаңы жагдайлар себеп болгондугун айтылды. Жогорку инстанция Азимжан Аскаров боюнча Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Чүй облустук сотуна жиберди.

Жогорку сотто прокурор Тагаев айыпталуучу Аскаровду укук коргоочунун айынан үйү күйүп кеткен камералашы сабагандыгын айтты. Мамлекеттик айыптоочу кыйноолор туурасындагы маалыматтар чындыкка дал келбейт жана аны соттолуучунун өзү айткан.

"Аскаровго ар дайым медициналык жардам үзгүлтүксүз көрсөтүлгөн. Ал эми мамлекет тарабынан медициналык текшерүү жасалып, анализдери алынып турган. Прокуратура бул ишти кайрадан кароого эч кандай негиз көргөн жок",— деп айтты ал.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам, БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0