Кылмыштуу топ менен ымалада болгон милиция кызматкерлери кызматтан алынды

Жазылуу
ИИМ өз ишин так аткарбаган, кыянаттык менен мамиле кылган кызматкерлерди аныктоо иштерин улантат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин буйругуна ылайык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болгон бир катар укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкеринин жарыткычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиялыктар тонолгондон кийин Ысык-Көлгө кетчү жолдо атайын машиналар күзөтөт
Ага ылайык, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым укук коргоо органдарында иштегендердин кылмыштуу топ менен байланышта болгону аныкталган. Алар милиция тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам аракеттер тууралуу кылмышкерлерге кабар берип турган.

Министрдин буйругу менен Чүй облустук ИИБдин ыкчам кызматынын жана Бишкек ШИИБдин эки кызматкери, ошондой эле Ысык-Ата РИИБдин аймактык милициясы кызматтан алынды. Андан сырткары Чүй ОИИБдин жетекчилик курамында иштеген эки киши да жумуштан кетирилди. Чүй ОИИБдин дагы бир кызматкери учурда дарыланууда болгондуктан жумушка чыккандан кийин кызматтан алынат.

ИИМ өз ишин так аткарбаган, кыянаттык менен мамиле кылган кызматкерлерди аныктоо иштерин уланта берери маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0