Балхаштан кишинин сөөгү табылды, ал буга чейин жоголгон КР жараны болушу ыктымал

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда суудан табылган кишинин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын Балхаш көлүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, белгисиз эркек адамдын сөөгүн табышканын КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Балхаш көлү - Sputnik Кыргызстан
Балхашта жоголуп кеткен КР жаранынын досу кырсык тууралуу кенен айтып берди
Белгилей кетсек, Моюнкум районунун Мың-Арал айылындагы Балхаш көлүнө достору менен балык уулоого барган кыргызстандык 29 жаштагы Максим Пивоваров июль айынын башында чөгүп кеткен. Аны издөө иштери азыркыга чейин жүргүзүлүп, оң натыйжа боло элек.

ӨКМден маалымдашкандай, 11-июлда Казакстандын Караганда, Алматы, Жамбыл облустарынын 11 куткаруучусу 3 кайык менен издөө иштерин жүргүзүп, белгисиз эркек адамдын сөөгүн тапкан. Учурда анын ким экени такталууда. Бул туурасында дагы кошумча маалымат берилерин министрликтен маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0