Исаков: Чолпон-Атанын жанындагы ипподром гранттык каражатка курулуп жатат

© Фото / пресс-служба Дирекции по национальным видам спортаЫсык-Көлдөгү ат майдандын курулушунун асмандан көрүнү. Архив
Ысык-Көлдөгү ат майдандын курулушунун асмандан көрүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактуу-Долоноту айылындагы көп тармактуу ат майданын 15-августка бүткөрүүнү пландап жатышат. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну 3-8-сентябрда өтөт. Анда баш-аягы болуп улуттук оюндардын 26 түрү элге тартууланат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Реконструкцияланып жаткан Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну өтүүчү ат майданы кыргызстандыктардын салыгынын эсебинен эмес, бюджетке которулган гранттык акчанын эсебинен курулуп жатат. Бул туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин ат майдандын долбоорунун наркы 487 миллион сом деп белгиленип, андан соң анын суммасы 1,1 миллиардга чыгып кеткени айтылган. Бактуу-Долоноту айылындагы көп тармактуу ат майданын 15-августка бүткөрүүнү пландап жатышат. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну 3-8-сентябрда өтөт. Анда баш-аягы болуп улуттук оюндардын 26 түрү элге тартууланат. 

"Бул каражаттарды Алмазбек Атамбаев грант түрүндө алып келген жана ал бюджетке которулган. Мындан кыйкым издеп, кемчилик катары көрсөтүүгө аракет кылгандарга айтарым, бул салык катары түшкөн акча эмес. Мындай объектилерди дагы көп курушубуз керек ",— деди Исаков.

Ал жакынкы арада Улуттук стратегиялык изилдөөлөр боюнча институт каражаттын кантип актала тургандыгын көрсөткөн бизнес-пландын бет ачарын өткөрөрүн белгиледи.

Ысык-Көлдөгү ат майдандын курулушунун асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0