Стамбулдагы жардырууга КР жаранынын тиешеси бардыгы азырынча тастыктала элек

© REUTERS / STRINGERМашины скорой помощи Стамбула возле аэропорта имени Ататюрка в Стамбуле
Машины скорой помощи Стамбула возле аэропорта имени Ататюрка в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч жардыруу болуп, анын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 44 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган терактыга Кыргызстандын жарандарынын тийиштиги бар экенин жар салган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргыз бийлиги кыргызстандык жарандын Стамбулдагы терактыга тиешеси бар-жоктугун азырынча тактай албай жатат. Бул туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков брифинг учурунда айтты.

Стамбулдагы Ататүрк аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматы Түркиядан теракт жасоого шектелгендердин паспорт номерин сурады
28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч жардыруу болуп, куралдуу кол салуудан акыркы маалыматтар боюнча 44 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда жасаган билдирүүсүндө Стамбул шаарындагы аэропорттогу терактыга Кыргызстан, Дагестан жана Тажикстан жарандарынын тийиштиги бар экенин жар салган.

"Стамбулдагы терактыга кыргызстандык жарандардын тиешеси бар-жогун мен азыр так айта албайм. Себеп дегенде жагдайларды тактоо иштери жүрүп жатат. Тиешелүү кызматтар иш алып барууда",— деп билдирди Исаков.

Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыгын Тышкы иштер министрлиги коомчулукка маалымдай тургандыгын кошумчалады.

КР жарандары террорист деп аталган беш учурду Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0