Түркия: Ванда террорчулардын колунан каза болгон этникалык кыргыз жерге берилди

Жазылуу
Анын сөөгүн Улуу Памирге тик учак менен алып кетишти.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Террорчулардын колунан каза болгон Вандык кыргыз 54 жаштагы Туратбек Гүрожактын сөөгүн өзү жашаган Улуу Памирге тик учак менен алып кетишти. Бул туурасында Haber Türk басылмасы билдирди.  

Гүрожактын сөөгүн туулуп-өскөн айылына жөнөтүү салтанатына жергиликтүү эл жана Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышты.

Эскертке кетсек, Түркиянын Ван аймагындагы Эржиш районунда 10-июлда түнкү саат 00.20да коопсуздук жайында бомба жүктөлгөн автоунаа жардырылган. Анын кесепетинен эки киши каза болуп, ондон ашык киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0