Сапар Исаков: Аскаровдун сотунун канцлер Меркелдин иш сапарына тиешеси жок

© Фото / пресс-служба ГСИН КРСоттолуп жаткан Азимжан Аскаров. Архив
Соттолуп жаткан Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскаровду өлкөнүн бардык сот инстанциялары 2010-жылы этникалар аралык жаңжалды тутандырган деп айыптап, өмүр бою абакка кескен.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Соттолуп жаткан Азимжан Аскаровдун иши боюнча адилеттүү чечим чыгат деп ишенем", — деген пикирин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков брифинг маалында билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркель Берлиндеги жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Меркел үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Аскаровдун соттолушу боюнча пезиденти Алмазбек Атамбаев 2012-жылы Германияга болгон иш сапары учурунда Ангела Меркел менен сүйлөшкөн. Жекшемби күнү Журналисттерди коргоо комитети Германиянын канцлерине Аскаровду бошотулушуна жардам берүү боюнча кайрылуу жолдошкон.

Исаковдун айтымында, 13-14-июлга белгиленген канцлердин иш сапары Аскаровдун сот иштерине байланыштуу эмес.

"Жыйынтык кандай болорун билбейм, сотко биз эч кандай таасир кыла албайбыз. Кандай гана чечим болбосун биз аны кабыл алышыбыз керек. Бул нерсеге дүйнө коомчулугу көз салып турат. Мен соттор акыйкат чечим кабыл алат деп ишенем. Андыктан анын жыйынтыгын күтөлү", — деди ал.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айында Ошто болгон кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

Азимжан Аскаровдуг иши боюнча соттун отуруму - Sputnik Кыргызстан
Аскаровдун жактоочулары анын кыйноого кабылгандыгын айтып жатышат
2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабынкоюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аскаровдун иши кайра кароо жараяны анын жактоочусунун берген арызында болмокчу. Анда жаңы жагдайлар ачылгандыгын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0