Бишкектеги бассейнге кулап кеткен жети жашар бала өзүнө келе элек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБалдар ооруканасы. архив
Балдар ооруканасы. архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бардык аракеттер көрүлүп, бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Тартуга" эс алуу борборундагы бассейнге кулап кеткен жети жашар бала өзүнө келе элек. Бул туурасында Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин шаардагы бассейндердин бирине кулап кеткен бала, эс-учун жоготуп өзүнө келе электиги кабарланган. 

Дарыгердин айтымында баланын абалы оор жана ал кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Ал эс-учун жоготуп, өзүнө келе элек. Абалы оор. Азыр колдон келген бардык аракеттерди көрүп, баары жакшы болот деп жатабыз", — дейт Жанабилова.

Каргашалуу окуя жекшемби күнү болгон. Милициянын маалыматы боюнча аларга билдирүү саат 15.27де келип түшкөн. Алар кетүүгө камынып, атасы сууга түшүү үчүн алган жабдууларды тапшырууга кеткен учурда, бала бассейнге кулап кеткен.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0