Назира Айтбекова: тили жакшы, бирок түрү суук кемпирге окшош кыз деп айтышчу

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу Назира Айтбекова. Архив
Алып баруучу Назира Айтбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөсө тилинен чаң чыгып, көөдөнү сөзгө суусаган алып баруучу Назира Айтбекованы кимдер гана тааныбайт. Ал сүйлөп жатканда үнүндө бир башкача тембр бар, сиз да байкасаңыз керек? Ошол эмне себептен экенин жана аткаминерлер эмне үчүн Назираны ортомчу кылышканын журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

— Сиз мурун эле алып баруучу болооруңузду билчу белеңиз? 

Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Медина жана Мадина: Non stop дуэтиндеги Чолпондун сиңдилери экенибизди көбү билбейт
— Ата-энем музыкант, мен чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Апамдын жаш кезиндеги көксөгөнү чыгармачылык экен. Анын чыгармачылыкка болгон сүйүүсү мага өткөн окшойт. Мектепте фортепианого, комузга барып активдүү окуучулардын катарын толуктадым. Апам Балыкчыдагы маданият үйүндө иштечү анан мен да ээрчип жүрүп чыгармачылыктын даамын таттым. 9-класста окуп жүргөндө алгачкы жолу чоң сахнага чыгып сулуулар конкурсун алып бардым. Мен анда биринчи жолу көйнөк кийип, боенгом. Ошондо эле сахна мага жаккан.

— Анан окуу деген түйшүк башталат эмеспи?

— Мектептен кыргыз тили боюнча олимпиадага катышып, андан республикалык деңгээлге чыгып экинчи орунду камсыздагам. Олимпиаданын жыйынтыгында диплом тапшырып жатканда бир түрк мырза келип биздин университетте окуйт белең деп калды. Сүйүндүм, анткени апам жалгыз башы менен мени окута алмак эмес. Ооба дедим дароо. Анан Ататүрк — Ала-Тоо университетинин филология факультетин тандап, бекер окудум. Ал жактан берилген жеңилдикти жоготуп албаш үчүн күнү-түнү дебей окудум. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу Назира Айтбекова: мен кастингке барганда эки жүздөй татынакай студент кыздар, балдар бар экен. Өзүмдү алардын арасында айылдык сездим.
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Назира Айтбекова: мен кастингке барганда эки жүздөй татынакай студент кыздар, балдар бар экен. Өзүмдү алардын арасында айылдык сездим.

— Чыгармачылык сазына дароо батып кетүү оңойго турбаса керек?

— Үчүнчү курста окуп жүргөндө улуттук хит-парадка кастинг жүрүп жатыптыр. Ошол кезде астма өнөкөтүм бар эле, аным кармап катуу ооруп жүргөм. Аябай арыктап жүдөп да кеткем. Мен кастингке барганда эки жүздөй татынакай студент кыздар, балдар бар экен. Өзүмдү алардын арасында айылдык сездим. Шаардыктар дароо эле көзгө билинет эмеспи. Ушулардын жанынан кантип өтмөк элем деп ойлогом. "Ай эч ким калган жокпу" деген Динара Эсенгулованын үнү чыкты. Анан акырын башты кылтыйтып кирдим. Алексей (Филатов) экөөөбүздү чыгарса боюбуз туура келди. Тиги кыздар шыңга бой болгондуктан Алексейге туура келбей жатыптыр. Анан программаны алып барып жаткандай сүйлөшүп көргүлө деди. Алексей быдылдап сүйлөдү мен дагы кем калышкан жокмун. Анан эжеке аябай күлүп, мени жактырды. 

— Анан баары эле зымга тизгендей болдубу?

Певец отечественной эстрады Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар төө буурчак чыры тууралуу: бир кыйын учур келди да кетти
— Кайдан. Мен алгач телеге чыкканда тили жакшы, бирок түрү суук кыз экен деп Динара эжеге телефон чалышыптыр. Ал эже күйпөлөктөп Малахов менен Ксения Собчак сулуубу дешип арданган. Андан кийин Ассоль Молдокматова, Динара Эсенгулова жана Замира Молдошева стилимдин үстүнөн иштеп, кийимдерди бутиктен тандап беришти. Анан өзүмдү кыйын сезип эле жүргөм, бир күнү кассетаны түрдүрүп эфирлерди көрүп, таң калдым. "Ии байкуш Алексей ушу мени менен кантип алып баруучу болуп жүрөт" деп боорум ооруду. Мындай караганда Алексейдики баары жакшынакай анан мен эле окшошпой жатам. Намыстандым. Алексей баарибир күчтүү жигит эле. Менин алгачкы устатым деп айта алам. Ошол жигитке атаандашып, мыкты болом деп аябай иштедим. Ал мени алгач жаман көрчү каяктагы айылдык немени жаныма коюп койду деп. Бара-бара анын урмат сыйына татыдым. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовНазира Айтбекова: Алексей мени алгач жаман көрчү каяктагы айылдык немени жаныма коюп койду деп. Бара-бара анын урмат сыйына татыдым.
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: Алексей мени алгач жаман көрчү каяктагы айылдык немени жаныма коюп койду деп. Бара-бара анын урмат сыйына татыдым.

— Башка алып баруучуларга салыштырмалуу үнүңүздө бир өзгөчөлүк бар?

— Кемпирдин колунда чонойгондуктан тилим, баскан тургандарым бүт кемпирдикине окшош эле. Жанында жүрүп баарын сиңирип алыптырмын. Эл да "кемпирдей болгон кыз экен" деп айтышчу. Анан жашыраак болоюн деп аябай аракет кылдым. Дикциянын да үстүндө иштегенге туура келди. Элге бирок кемпирдин тили жана стили менен бат таанылдым деп ойлойм. 

— Дикция жана стиль акырындан калыбына келип баштаса. Башка чыгармачылыкта сизде кандай кыйынчылыктар болду?

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Программа саясатташып кетти. Менин ордумду башкага берип коюшту. Жумушка жайдары келсем эле жетекчилик "бүгүн акыркы эфириң" деди. Ыйладым, кайгырдым акыры ак ийилет бирок сынбайт деп айтканым эсимде. Андан кийин Ала-Тоо маалымат программасына чакырып калышып журналист катары жарым жыл иштеп анан диктор болдум. Баары бир диктордук меники эмес экенин түшүндүм. Жан дүйнөмө көңул ачуучу программа жакын эле. Анан "Бравого" чакырып калышты. Азыр байкаштырып отурсам рейтинги бийик берүүлөрдү алып барыптырмын. 

— "Аалам сырлары" берүүсүн ачып, алып барып калдыңыз. Ал мурун эле Россиянын телеканалдарынан чыгып жүрбөдү беле. Сурайын дегеним ал берүүнү элге тартуулоонун зарылчылыгы эмнеде эле?

— Кичинекей кезимде эле көп астма оорусу менен ооруп балалык таттуу күндөрүм аны менен кошо өтүп кетти. Астмадан эки жолу өлүмдөн калдым. Апам бейтапкана, элдик табыптарга барып менин ооруп менен көп алектенди. Ушул дарыгер-табыптардын кимиси күчтүү болду экен, жарыштырса кандай болмок деп кыялданчумун. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовНазира Айтбекова: кичинекей кезимде эле көп астма оорусу менен ооруп балалык таттуу күндөрүм аны менен кошо өтүп кетти. Астмадан эки жолу өлүмдөн калдым.
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: кичинекей кезимде эле көп астма оорусу менен ооруп балалык таттуу күндөрүм аны менен кошо өтүп кетти. Астмадан эки жолу өлүмдөн калдым.

Эмгек өргүүсүндө жүргөндө жолдошума бул оюмду айтып, долбоор ачалы деп кеңештик. Мага чейин эле бул долбоор ишке ашканы анык, биз туураган жокпуз дебейм. Кээ бир жерлерин карап, тажрыйба катары алганга туура келди. Долбоордун рейтинги бат эле көтөрүлдү. Эл деген күнү-түнү чалчу, өзгөчө чоңдор. Программанын жыйынтыгында эл психологдордун аздыгынан улам көзү ачыктарга барат экен деп ойлоп калдым. 

— Чоңдорго көзү ачыктардын эмне кереги бар экен?
— Биз аларга ортомчу болчубуз. Тиги анан бул көзү ачык менен жолуктур деп чала беришчү. Алардан сырткары белгилүү жылдыздарыбыз, ошол аткаминердердин жубайлары деле жолуктур деп чалышчу. 

— Фейсбуктагы анкетаңызга диниңиз "теңиризм" деп жазылып турат? Бул чындыкпы?
— Теңирчилик бул дин эмес, ал жашоонун философиясы. Баары теңирчилик десе эле тоо-ташка сыйынуу деп түшүнүшөт. Ал деген "тең" деген сөздөн келип чыгып, баарына бирдей кароо дегенди туюндурат. Кыргыздар ушул жол менен келди, мен аны улап жатам десем жаңылышпайм. 

— Гезиттердин бири менен чырдашып жүрдүңүз эле. Ал аягына чыктыбы?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— "Супер инфо" гезити менен анын тамашасынан кийин соттоштум. Үч жыл соттоштук, акыры акыйкаттык жеңип чыкты. Эки журналист жана эки спортчу шарттуу түрдө эки жылга кесилишкен. Мен алардын бала-чакасынын көз жашын төгүп, ары карап басып кеткен жокмун. Алгач маселени өз ара сүйлөшүп эле чечүүнү туура көргөн жокмун. Баардыгын мыйзам чегинде жасадым. Экинчиси моралдык жактан жүз миң сом төлөп беришти. Бул өтө күлкүлүү баа. Анткени турмуш кургандан кийин астма өнөкөтү менен жабыркабай калгам. Стресс алгандан кийин оорум кармап, кайрадан күчөдү. Билбейм кээ бир адамдар жөн гана өзүн пиар кылгысы келди деп ойлошу мүмкүн. Килейген эркек спортсмендер тоого алып чыгып тапанча такап, анан ар кандай ыплас сөздөр менен сөксө, жашооң менен коштоштуруп көрсө менимче мындайга эркек киши деле чыдамак эмес. Чачтарым кадимкидей салаалап түшүп баштаган. Тарткан кыйынчылыктарды мен, үй бүлөм анан жараткан эле билет. Ушунча азап чектим, акча болсо дары-дармекке, адвокатка суудай эле кетти. Айтор үнүм кудайга жетти. Жакындарымдын жылуу сөзү, санаалаштардын колдоосу менен чыйралып ордума келдим. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовНазира: билбейм кээ бир адамдар жөн гана өзүн пиар кылгысы келди деп ойлошу мүмкүн. Килейген эркек спортсмендер тоого алып чыгып тапанча такап, анан ар кандай ыплас сөздөр менен сөксө, жашооң менен коштоштуруп көрсө менимче мындайга эркек киши деле чыдамак эмес. Чачтарым кадимкидей салаалап түшүп баштаган.
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Назира: билбейм кээ бир адамдар жөн гана өзүн пиар кылгысы келди деп ойлошу мүмкүн. Килейген эркек спортсмендер тоого алып чыгып тапанча такап, анан ар кандай ыплас сөздөр менен сөксө, жашооң менен коштоштуруп көрсө менимче мындайга эркек киши деле чыдамак эмес. Чачтарым кадимкидей салаалап түшүп баштаган.

— Үй-бүлөм деп көп айтып калдыңыз. Жолдошуңуз эмнеге сизди жубайлыкка тандап алды?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Экинчи курста окуп жүргөндө студенттер арасында өтүүчү "Ала-Тоо жазы" фестивалына катышып калдым. Мен анда кемпирдин, анан ичкич аялдын ролун ойнодум. Биздин команда элге өнөрүн көрсөтүп чыккандан кийин сахна артынан бир жигит келип таанышып калды. Ал калыстар тобунун мүчөсү болочок жолдошум Искендер экен. "Айыл жерлеринде аракка берилген адамдар көп болуп жатат. Биз, жаштар, алардын аң сезимин өзгөртүү максатында сеникине окшогон интермедияларды коюшубуз керек. Бизге кошулуп айыл кыдырбайсыңбы" деп номурун берди. Аны көрүп эле жактырып калдым. Кыздарга дароо айткам жакшы көрүп калдым деп. Апама да чалып сүйүнчүлөгөм. Жашоомдо биринчи жолу жактырып жатсам, башка эмне кылмак элем? Бирок ал мени карындашым деп эле олуттуу кабыл албай койду. Ал ошентип Москвага окуусуна кетти, мен бул жакта жүрүп хит-парадка чыгып атым таанылып калды. Бир күнү интернеттен сүйлөшүп отуруп сүрөт жиберсең дегенинен жаңы эле фотосессияда тартылган сүрөттөрдөн бирди жөнөтсөм, "оо карындашым чоңоюп калыптыр" деп Кыргызстанга дароо жетип келди (күлүп). "Карындашым мөмө бышып калыптыр, үздүрбөй эле өзүм алайын" десе мен дагы эч ойлонбостон мейли дедим.

— Атыңыз чыккандан кийин көп эле мырзалар колуңузду сурашса керек?

— Эфирге чыгып жүргөндө ар кандай күйөрмандарым болду. Байлар, үй-бүлөсү барлар же мага бала төрөп бер тоону томкоруп берем дегендер болгон. Кичинемден баштап намыскөй өскөн кызмын, мен эмне үчүн аларга өзүмдү тебелетишим керек деп намыстандым. Бирөөгө токол же экинчи аял болбойм, керек болсо колумду кармаганга да акысы жок деп убагында териккем. Көрсө эл көзүндөгү адам үчүн мындай сөздөр көнүмүш эле экен. Анан жолдошум Искендерге баш коштум. Ал жаңы окуусун бүтүрүп келген студент, жумушу жок а мен жаңы чыккан алып баруучу. Биз кыйын кездерде биригип жашообузду чогуу түптөдүк, ой-максаттарды чогуу ишке ашырдык. Бир уулду тарбиялап жатабыз. Ошого шүгүр. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовНазира: көрө албастардын кылгандарын тескерисинче жакшы жышаан деп сүйүнүп калам. Анткени мен алдыдамын, ишим жүрүшүп жатат.
Интервью с киноактрисой и телеведущей Назирой Айтбековой - Sputnik Кыргызстан
Назира: көрө албастардын кылгандарын тескерисинче жакшы жышаан деп сүйүнүп калам. Анткени мен алдыдамын, ишим жүрүшүп жатат.

— Дагы балалуу болоюн деген оюңуз барбы?
— Негизи планыбызда балалуу бололу деп жүрөбүз, Анан чоң стресс алгандан кийин гормоналдык даарыларды көп колдонгом. Ал бир жерге жакшы таасир берсе, башка жерлерге терс таасирин берет экен. Андыктан азыр аракет кылып жатабыз.

Кыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы Ильяз Абдразаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Абдразаков: досторум жубайларын кызгана баштаганда, үйлөнүүнү чечтим
— Сиз деле көрө албастык деген нерселерден куру калбасаңыз керек?
— Чоң концерт, фестивалдарды сен алып барасың деп көйнөктөр тигилип, баары даяр болгондо атың чийилип башкалар жазылып калган учурлар болот. Унаамдын дөңгөлөктөрүн жарып, айнектерин талкалап кетишет. Эми биз үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мага чылбыр ыргытышса демек мен алдыда баратыптырмын деп ойлойм. Азыр көрө албастардын кылгандарын тескерисинче жакшы жышаан деп сүйүнүп калам. Анткени мен алдыдамын, ишим жүрүшүп жатат.

— Алар кимдер деп кызыкпайсызбы?
— Мындай караганда алыстагы адамдын мени менен иши эмне? Ал мени жакшы таанып, жумушка канчада келип кетеримди билген эле жанымдагы адамдар. Душман эч качан алыстан келбейт. 

— Азыр Айтбекова өзүнө жагабы?
— Мен кесипкөйлүктүн туу чокусуна жеттим деп айта албайм. Ар бир адам эмгектин үстүндө болушу керек. Менин дикциям, үнүм укмуш деп айткандан алысмын. Мен үйрөнө турчу көп нерселер бар. 

— Иш-чаралардан сырткары, той-топурларды алып барып каласыз. Өзүңүзгө шаан-шөкөт дегендер жагабы?

— Өзүм элге жакын болгонум менен тойго жакын эмесмин. Ичкилик бар жер жакпайт. Тойлорду көп алып барбайм. Кээде эле санаалаштар алып барганга кыз керек болуп жатат же түрк тилин билгениме карап, көмөктөшүп кой дегенде эле жолдошумдун уруксаты менен барып кетем. Менин жанымда мырза болушу керек экен. Бир эки жолу жалгыз чыгып көрдүм, ар кандай эркектер болот экен сүрөткө түшкүсү келген, кучактагысы келген. Мындай көрүнүш жакпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0