Бишкек казыяты орозодо түшкөн битир-садаганы таратты

Жазылуу
Быйыл каттоодон 758 адам өткөн. Аларга 700 сомдон 1000 сомго чейинки каражат берилди.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык казыяты борбордук мечитте орозодо түшкөн битир-садаганы таратты. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, чогулган акча борбордук мечитте каттоодон өткөн 758 муктаж адамга берилди.

"Ар бир түшкөн арыз казыятта түзүлгөн атайын комиссия тарабынан каралып, муктаждарга жана бей-бечараларга, оор турмушту кечирип жаткан бир туугандарга 700 сомдон 1000 сомго чейинки акча таратылды", — деди шаар казысынын орун басары Алманбет ажы Сүйөркулов.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык казыяты 15-июндан 27-июнга чейин жардамга муктаж адамдардын арызын кабыл алган. 

Бишкек шаарында болгон айт намазды Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0