Мектебинен мечити көп Баткендин айылындагы жашоо

© Sputnik / Жоомарт УраимовТажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынан Азамат Абдыразаков . Архив
Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынан Азамат Абдыразаков . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынан Азамат Абдыразаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асель Минбаевага өз айылында кыздар кантип кийинип жүрөрүн жана эмне үчүн кээде айылдыктар күнү бою суусап отурууга аргасыз болушарын айтып берди.

Бишкекте отуруп алып эле баткендиктер жөнүндө эмнелерди гана айтпайбыз! Жалаң моджахеддер жашайт, эли нан менен чайдан башканы билбейт… Баткен районунун эки миң киши жашоочу бар Ак-Сай айылындагы турмуш жөнүндө дене тарбия мугалими жана жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Абдыразаков айтып берди. 

— Биздикилер дайыма эле жылуу-жумшак жай издеп жүрөт. Бишкектен Москвага же Нью-Йоркко кетип жатышат. Сиз эмнеге айылыңыздан жок дегенде райондун борборуна көчүп кеткен эмессиз?

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
— Ак-Сайдан кетип жаткан элдин аягы үзүлбөйт: бири Бишкек десе, бири Россия деп жөнөп калышат. Азыр, менимче, 70-80 пайызы акчанын айынан башка жакта жүрөт. Бир жашка чыгып-чыга элек балдарын чоң ата-чоң энелерине таштап баса беришет. Балдарын 3-4 жылда, бул жакка жол кире тапканга чейин көрүшпөйт. 

Менин болсо кетким келбейт, мекенимде калып деле өнүп-өрчүп кетериме ишенем. Бирок негизи башка аргам деле жок болчу, себеби ата-энемдин жалгыз уулумун да. 

— Эмнеге мектеп мугалими болуп калдыңыз?
— Дайыма дене тарбия мугалими болсом деп эңсечүмүн. Дениң сак болот да! Ош университетине мугалимдикке тапшырып, кийин ушинтип иштеп калдым.

— Ак-Сайда дагы кандай жумуш бар?

— Негизинен биз айыл чарбасы менен алекпиз. Картошка, жүгөрү, анан албетте, атактуу Баткен өрүктөрүн өстүрөбүз. Бирок сатканга эмес, өзүбүзгө, жан багыш үчүн эле. Бизде, мисалы, Чүй облусундагыдай чоң-чоң жерлерибиз жок. Ар биринин кенедейден үлүшү эле бар. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАк-Сай айылынан Азамат Абдыразаков: бизде жумушчу орун деген деги эле жок! Жаштар билим алалы, студент бололу деп ойлошпойт. Баарынын эле кайгысы — кантип Москвага барып, машинага же үйгө акча таап келүү.
Интервью с активистом Азаматом Абдыразаковым - Sputnik Кыргызстан
Ак-Сай айылынан Азамат Абдыразаков: бизде жумушчу орун деген деги эле жок! Жаштар билим алалы, студент бололу деп ойлошпойт. Баарынын эле кайгысы — кантип Москвага барып, машинага же үйгө акча таап келүү.

Жергиликтүү эл акчаны негизинен Бишкекте же чет жакта иштеп жүргөн туугандарынан алат. Башка ала турган жери жок. Бизде жумушчу орун деген деги эле жок! Жаштар билим алалы, студент бололу деп ойлошпойт. Баарынын эле кайгысы — кантип Москвага барып, машинага же үйгө акча таап келүү. 

— Жумушсуздуктан башка Ак-Сайда дагы эмне көйгөйлөр бар?

Нарын облусунун Кара-Саз айылынын тургуну Талант Тилен уулу - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу нарындык жигиттин максаты — айылдын абалын оңдоо
— Биринчиден, Ак-Сай чек ара чегинде турган айыл, өзүңөр билесиңер, Тажикстан менен биздин мамлекеттик чек арасы толук такталган эмес. Анан калса биздин айылдан жогору жакта тажик анклавы бар. Ал жактан Кыргызстанга келиш үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүш керек, муну жагымдуу көрүнүш деп айта албайсың. 

Экинчиден, жайкысын суунун айынан тажиктер менен чыр-чатак көбөйөт. Биз жер сугармак түгүл, суусун кана суу иче албай калган учур да болот. 

— Бишкекти көрдүңүз беле?
— 12 жашымда биринчи жолу бир туугандарыма каникулга баргам. Бишкек менен айыл турмушунун ортосундагы айырма асман менен жердей экен! Анан калса, борбор калаада түрдүү улуттун элдери жашайт, бизде болсо кыргыздар эле да. 

— Бишкекектиктер аймактарда эл нан менен чай ичип отурат деп ойлошот. Чын эле ошондойбу?
— Жок. Жакшы эле тамактанабыз: жашылча-жемишти жакшы көрөбүз, сүйгөн ашыбыз – палоо. 

— Ичимдикчи? 

— Бизде азыр эч ким арак ичпейт. Бир майрамда эле татып калышпаса… дегинкиси аракечтик, баңгилик деген жок. Бул исламдашууга байланышкан көрүнүш болсо кере, жаштар улам барган сайын динге көп берилип баратат. Биз баш-отубуз менен кирип кетип жаткан жерибиз жок, жөн гана Куран окуп, ислам тартиби боюнча жашоого аракет кылып жатабыз. Албетте, аракка катуу тыюу салынган. Айлыбызад үч мечит бар. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзамат Абдыразаков: Бишкек менен айыл турмушунун ортосундагы айырма асман менен жердей экен!
Интервью с активистом Азаматом Абдыразаковым - Sputnik Кыргызстан
Азамат Абдыразаков: Бишкек менен айыл турмушунун ортосундагы айырма асман менен жердей экен!

— Эки миң кишиге көп эмеспи?
— Жок, экөөнү өзүбүз ашар жолу менен салып алганбыз. 

— Кыздар кандай кийинишет?
— Жеңи чолок көйнөк кийишпейт. Турмушка чыга электер сөзсүз колдорун жаап жүрүшөт. Келиндер жоолук салынып, халат кийишет. Бул бүгүн эле пайда боло калган жок, бизде жоолукту түшүрүшчү эмес. 

— Түшүнүктүү. Айылда канча мектеп бар?
— Бирөө. Ал аябай кенен, жакшы. Бирок 1989-жылы курулган, азыр оңдоого муктаж. Бирок пайдаланганга болбойт деп айтууга негиз жок. 

— Мектеп жашындагы балдардын баары окуйбу? Бир жерде иштесин деп балдарын окутпай койгон ата-энелер барбы?
— Жок, балдардын баары мектепке барат. 

— Кийим, тамак-ашты кайдан сатып аласыңар?
— Бизде базар жок, азык-түлүктү дүкөндөн алабыз. Ал эми кийим үчүн Баткенге барыш керек, ал бизден 50 чакырым алыс. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзамат Абдыразаков: баарыбыз биргелешип, демөөрчүлөрдү таптык, техникалык тейлөө станциясын жана пилорама ачтык. Эми бизге Тажикстандан жыгач жеткиришип, биз аны тилип жатабыз.
Интервью с активистом Азаматом Абдыразаковым - Sputnik Кыргызстан
Азамат Абдыразаков: баарыбыз биргелешип, демөөрчүлөрдү таптык, техникалык тейлөө станциясын жана пилорама ачтык. Эми бизге Тажикстандан жыгач жеткиришип, биз аны тилип жатабыз.

— Сиздин оюңузча, айылдын абалын жакшыртса болобу?

Азиз Жумадилов Ысык-Көл облусунда өткөн Run The Silk Road марафонунда - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз марафончу: көрбөсөм эле колумдан эч нерсе келбей калмак беле
— Мен Жаштарды өнүктүрүү институту уюштурган жаш лидерлердин курсунан өттүм. Бул менин билим-түшүнүгүмдү бир топ кеңейтти. Гранттын жана айыл өкмөтүнүн каражаты менен жаштар борборун курууга жетиштик. Ал жерде компьютерлер, принтерлер, Интернет бар. 

Баарыбыз биргелешип, демөөрчүлөрдү таптык, техникалык тейлөө станциясын жана пилорама ачтык. Эми бизге Тажикстандан жыгач жеткиришип, биз аны тилип жатабыз. Бизнес азырынча чакан эле, бирок ал дагы өсөт деп ойлойм. 

— Дагы кандай пландарыңар бар?
— Жемиш багын тиккенге жарактуу жерлер көп. Бул жумушсуздук көйгөйүн аз болсо да жеңилдетмек. Дагы акиташ чыгара турган өндүрүш ачсакпы дегенбиз, себеби айылга жакын жерде акиташ кени бар. 

— Он жылдан кийин өз мекениңизди кандай элестетесиз?

— Чек ара маселелери, анан дагы жумушсуздук көйгөйү чечилип калат деген үмүттөмүн. Ошондо аксайлыктар өз балдары менен өз үйлөрүндө жашайт эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0