Оштогу ишкерлер Абдыкадыр Орозбековдун эстелигин реконструкциялайт

Жазылуу
Бул иш-чара "Тарых жана маданият" жылынын алкагында жасала турган болду

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы жеке ишкерлердин башын бириктирген жыйынга талкууланган маселелердин бири Абдыкадыр Орозбековдун эстелигин реконструкциялоого арналды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

"Жыйынга 100гө жакын жеке ишкер катышты. Анда 2016-жылдагы өндүрүш багытындагы алты айлыктын жыйынтыгы, "Тарых жана маданият" жылындагы жеке ишкерлердин салымы жана Ош шаарында өтүүчү инвестициялык форумдун талкууланды", — деп кабарлашы мэриядан. 

Жеке ишкерлер "Тарых жана маданият" жылынын алкагында кыргыздын туңгуч интеллигенция өкүлдөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун эстелигинин жана анын айланасын реконструкциялоо сунушун колдоп, "Жеке ишкерлер аллеясы" деп аталсын деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0