Мэрия шаардыктарды унаа токтотуу жайлардан акча алгандар менен күрөшүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекНезаконная парковка у ЦУМ в Бишкеке
Незаконная парковка у ЦУМ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү калаа ичиндеги автоунаа токтотуу жайларынан эч кандай акча алынбайт, ал бекер.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы унаа токтотуу жайлардан мыйзамсыз акча чогулткандарга каршы биргеликте күрөшүү үчүн жарандарды да чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек мэриясы шаардагы унаа токтотуу жайларындагы көйгөйдү системалуу чечет. Шаардык кеңешке "Бишкек шаарындагы автоунаа токтотуучу жайлардан чогулткан каражатты жөнгө салуу жөнүндөгү" жобого өзгөртүү киргизүү сунушу берилди. Анда тарифтик саясат да каралат да, документти шаардык кеңеш сентябрда бекитет.

"Сентябрга чейин Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жайдан мыйзамсыз акча чогултууга каршы күрөшүүгө тургундарды жардам берүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү калаа ичиндеги автоунаа токтотуу жайларынан эч кандай акча алынбайт, ал бекер. Бирок ага карабастан кафе, соода борборлорунун алдындагы жерлерге автоунаасын токтоткондордон акча алган учурлар кездешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0