Гонконгдогу математика боюнча олимпиадага Кыргызстандан 6 окуучу катышып жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГонконг шаары. Архив
Гонконг шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык билим сынагы 1959-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандык алты окуучу Гонконгдо өтүп жаткан математика боюнча 57-эл аралык олимпиадага катышып жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстандык окуучулар АКШда өткөн Эл аралык Genius Olympiad олимпиадасында биринчи орунга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз окуучулары АКШдагы олимпиададан 8 медаль менен кайтышты
Билим таймашы 6-16-июль аралыгында өтүп, анда дүйнө жүзүнөн келген 100 курама топ катышып жатат. 

Кыргызстандын курама тобунун атынан Саадинур Азисбек уулу, Дослан Жекшеев, Бекжол Жолдубай уулу, Абдыганы Исаев, Илларион Абдыкаимов жана Жылдыз Камбаралиева ат салышууда. 

Математика боюнча эл аралык олимпиада 1959-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет. Ар бир мамлекеттин намысын курамы алты окуучудан ашпаган топ коргойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0