Күбө: Чолпон-Атага жакын жерде суу ташкыны жолду жууп, ири автотыгын жаралды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтотыгын. Архив
Автотыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы кыймылды жөнгө салганы менен, тыгын автоунаалардын көбөйүшүнөн улам өсүп жатат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарына курулуп жаткан ат майданга жакын аймакта ири автотыгын пайда болду деп билдирди окурман Sputnik Кыргызстанга WhatsApp аркылуу.

Анын айтымында, убактылуу айланма жолду нөшөрлүү жамгыр жууп кеткен.

"Ал жерден өтүш абдан кыйын болгондуктан, автоунаалар Бактуу-Долоноту менен өтө тар жолго салып каттап жатат. Ал жолдун туурасы кичинекей болгондуктан, эки машина катар келсе батпай калат экен", — деп жазды окуяга күбө болгон жүргүнчү. 

Кайгуул милициясы кыймылды жөнгө салганы менен тыгын автоунаалардын санынан улам өсүп жатат.

Буга чейин Sputnik Кыргызстанга Балыкчы — Корумду жолундагы оңдоп-түздөө иштеринен улам Бишкектен көлгө жетиш үчүн убакыт адаттагыдан көп кетип жатканы маалымдалган. Жолду катар автототыгындар жаралгандыктан, Чолпон-Атага жетүү үчүн кеминде дээрлик алты саат сарпталары айтылып келген.

Жол ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына 59 күн калды. Бүтө элек жол, бөлүнбөй жаткан каражат
Бийлик Чолпон-Ата жолундагы автотыгынды жакынкы сааттарда жөнгө салууга убада кылды

Чолпон-Атада II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата курулуп жаткан ипподромдун аймагына жакын жерде суу жээгинен чыгып, Бишкек – Торугарт жолун каптаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районуну акиминин орун басары Данир Иманалиев билдирди.

"Куруучулар Чолпон-Ата шаарынын жанынан агып өткөн сууга салынган көпүрөнүн төмөнкү бөлүгүн коюп жетише элек болучу. Топуракты сээп, ал эми түтүктөрдү жаткыра электе нөшөрдөн улам сай ашып суу жолду каптап кетти", — деди Иманалиев.

Анын айтымында, ары-бери каттаган автоунаалар хутордун жогорку бөлүгү менен өтө баштады.

"Бирок жол мынчалык көп унаага эсептелбегендиктен, тыгын пайда болду", — деди Иманалиев.

Ал бир саат ичинде куруучулар абалды жөнгө саларына убада берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0