Балхашта жоголуп кеткен КР жаранынын досу кырсык тууралуу кенен айтып берди

© Фото / Чынгыз АкелеевБалхаш көлү
Балхаш көлү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максим Пивоваровдун үй-бүлөсү жана достору аны Балхаш көлүнөн издөө иштерине КР ӨКМден жардам сурашат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына Руслан Касымалиев кайрылып, Балхаш көлүнө чөгүп кеткен 29 жаштагы Максим Пивоваровду издөөгө жардам берүүнү өтүндү.

Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука районунда майып кишини сел агызып кетти
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран 1-июлда Казакстандын Жамбыл облусундагы Мойынкум районунун Мын-Арал айылындагы Балхаш көлүнө чөгүп кеткен. Анын жоголгондугу тууралуу билдирүү ӨКМдин 112 бирдиктүү номерине 2-июлда келип түшкөн.

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол эле күнү казак кесиптештерине кайрылган. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык болгон жерде суучулдардын төрт тобу иштеп жатат.

Жоголуп кеткен Максимдин досу Касымалиев окуянын чоо-жайын айтып берди. 30-июндан 1-июлга караган түнү 11 кишиден турган топ Бишкектен чыгып, Жамбыл облусундагы Балхаш көлүнөн балык уулоого аттанышкан.

"Эртең мененки саат тогузда биз көлдө болуп калдык. Максим кайык менен жүргөн, катуу шамал аны көлдүн ортосуна алып кеткен. Ал алыстап кеткенден кийин гана байкап калдык. Биздин кыйкырганыбызга ал жооп кайтарып жаткан. Ошол эле күнү анын жоголгонун милицияга жана Казакстандын ӨКМине билдирдик. Кийинки күнү биз милициянын кийлигишүүсү менен өзүбүз балыкчылар менен сүйлөшүп, издөө иштерин баштаганбыз", — дейт Касымалиев.

Ал Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерге 3-июлда гана келип, издөө иштерин 4-июлда баштаганын кошумчалады. 

© Фото / Чынгыз АкелеевКР жараны жоголуп кеткен Балхаштагы жер
Берег озера Балхаш, где пропал кыргызстанец Максим Пивоваров - Sputnik Кыргызстан
КР жараны жоголуп кеткен Балхаштагы жер

"Азыр Максимди ӨКМдин эки гана бригадасы издеп жатат. Тик учак да келет деген, бирок ал 5-июлда гана учуп, көлдүн жарымын эле караганга жетишти", — дейт ал.

Аба ырайынан улам издөө иштерин 6-июлда улантуу пландалган, бирок ӨКМдин Жамбыл облусу боюнча департаментинен арыз ӨКМдын Алматы боюнча департаментине түшкөн жок деген негиз менен 6-июлда издөө иштери үчүн тик учак берилген эмес. 

"Андыктан Максимдин жакындары КР ӨКМден жардам берүүнү суранабыз", — дейт Касымалиев.

Суу жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: эки күн ичинде 4 бала сууга агып, 2 бала жоголуп кетти
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Максим Пивоваровду издөө иштери кыргыз тараптын кайрылуусунан кийин башталганын билдирди.

"Азыр бардык аракеттер көрүлүп жатат. Биздин кризисттик борбор казакстандык кесиптештер менен такай байланышып жатат", — деп ӨКМден маалымдашты.

Суучулдардын аракетинен азырынча эч кандай майнап чыга элек. Издөө иштери улантылууда.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0