Санкт-Петербургдан келген делегация алака-катнашты арттырууну каалайт

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин маданий борборунан келген делегация курамында мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана маданияттын чеберлери бар.

БИШКЕК, 6-июл.— Sputnik. Санкт-Петербургдан маданий-ишкердик багытта келген делегациясынын иш-чарасы эки күнгө созулуп, эки тараптуу алаканы чыңдоо максатын көздөйт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ленинград блокадасында курман болгондорго арналган айкел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Питерде Токтогон Алтыбасарованын ысымын түбөлүккө калтыруу сунушталды
Россиянын маданий борборунан келген делегация курамында мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана маданияттын чеберлери бар. Топту Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитеттин төрагасы Григорьев жетектеп келет. 

Маданий иш-чаралар Санкт-Петербург менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара байланыштарды жана эл аралык алака-катнаштарды чыңдоо максатында жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0