Медина жана Мадина: Non stop дуэтиндеги Чолпондун сиңдилери экенибизди көбү билбейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовИнтервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами
Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эгиз кыздардын жашы 21де, бойлору 174-175 сантиметр, салмактары 51 килограмм, жадагалса чачтарынын узундуктары да бирдей. Алар өздөрүн куюп койгондой окшошпуз деп эсептешпейт. Бирок эгиздерди бир көрүп айырмалоо кыйын.

Певец отечественной эстрады Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар төө буурчак чыры тууралуу: бир кыйын учур келди да кетти
Алар журналист Гүлдана Талантбековага коркунучтуу тасма көрүүдөн кантип баш тарткандарын жана "алтын көкүлдөрүн" эмнеге кыркпай жүргөндөрүн айтып беришти.

Текст жазганда эки кызды айырмалай албай кыйналбасам экен деп ойлондум. Анан кыздарга мен силерге суроо берип жатканда жооп берип жатканыңар атыңарды айтып тургула дедим. Албетте, күлкү келерлик көрүнүш, анан эмне кылмак элем?..

— Кыздар, кимиңер улуусуңар?
Мадина: — Мен Мединадан жыйырма минутага эрте төрөлгөм. Андыктан мен улуусумун.

— Үй бүлөңөрдө башка да эгиздер барбы?

Медина: — Апабыз жактан эгиздер бар. Биз төрт бир тууганбыз. Улуу эжебиз ырчы Чолпон, кийинкиси Айсулуу жана биз экөөбүз. Эгерде биз кыздуу болсок, эгиздер төрөлүшү толук мүмкүн деп айтышат. Үй-бүлөдө эркек бала жок.

— Силердин окшош жактарыңар көп экен, айырмаланган нерсеңер эмне?

Медина: — Биздин мүнөзүбүздө айырмачылыктар бар. Мадина мага караганда олуттуу. Биз сезимтал болгондуктан, бири-бирибиздин көз карашыбыздан эмне болуп жатканын жакшы түшүнөбүз. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМадина: Менде жоопкерчилик көбүрөөк болуш керек деп ойлойм. Анткени Мединадан баары бир улуумун, аны көп жерден коргогонго аракет жасайм.
Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Мадина: Менде жоопкерчилик көбүрөөк болуш керек деп ойлойм. Анткени Мединадан баары бир улуумун, аны көп жерден коргогонго аракет жасайм.

Мадина: Менде жоопкерчилик көбүрөөк болуш керек деп ойлойм. Анткени Мединадан баары бир улуумун, аны көп жерден коргогонго аракет жасайм. Эгер Мединага бир нерсеге кабылса, баарын жасоого даяр турам. Ал үйдүн кичүүсү болгондуктан, эрке кыз.

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Дене мүчөңөрдө кандай айырмачылыктарды байкаса болот?

Мадина: — Мединанын бою 174, меники 175 сантиметр, салмагыбыз бирдей — 51 килограмм. Чачыбыздын узундуктары да бирдей. Кызыгы — биз бир дагы жолу чачыбызды боегон эмеспиз. Бул табигый өң-түс. Биздин чоң апабыз эгиздердин "алтын көкүлү" болот деп айтчу. Карасаңыз, мобу маңдайкы чачтарда бир башкача сары болгон кубулжуган өң бар. Буларга тийүүгө болбойт деп, боегонго жана кыркканга уруксат беришкен эмес. 

— Элдин кыздарын көрүп боёгуңар келди беле?

Мадина: — Мындай ойлор мектеп курагында болгон. Азыр узун чач жана чачтын табигый түсүн берген өңдөргө басым жасап калышпадыбы. Бизге өзүбүздүкү эле жагат, чач жасалгабыз да бешинчи класстан бери ушундай бир калыпта.

— Эгиздер сезимтал келип, бири-биринин оорусун, кыйынчылыктарын сезет деп айтышат?

Медина: — Андайлар көп болот. Эсте калганы — бир жолу Мадина олимпиадага учак менен жөнөп кетип, авариялык кырдаалга туш келиптир. Мен ошондо түндө уйкуман чочуп ойгонуп, апама Мадинага чалуусун өтүнгөм. Анан ал кыйынчылыкка туш болгонун айткан. 

— Кийинүү, кийим тандоо жагынан кантесиңер?

Мадина: — Экөөбүздүн стилибиз, кийим тандоо табиттерибиз бирдей. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМедина: Бизди адатта кичинекей кезде окшош кийинтишчү, андан кийин кайсы бир мезгилде эки башка кийинүүнү кааладык, азыр кайра окшош кийүүнү жактырабыз.
Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Медина: Бизди адатта кичинекей кезде окшош кийинтишчү, андан кийин кайсы бир мезгилде эки башка кийинүүнү кааладык, азыр кайра окшош кийүүнү жактырабыз.

Медина: — Бизди адатта кичинекей кезде окшош кийинтишчү, андан кийин кайсы бир мезгилде эки башка кийинүүнү кааладык, азыр кайра окшош кийүүнү жактырабыз. Күнүмдүк жашоодо атайын окшош кийингенге, өзүбүздү бирдей алып жүргөнгө аракет жасабайбыз. Кээде гана иш-чараларга окшош болуп келүүбүздү суранышат. 

— Тамакты тандап жейсиңерби, табитиңер кандай?
Медина: — Биз бала кезибизден бери майлуу тамактарды жебейбиз. Эттин кара кесегин жактырабыз, майын жебейбиз деле. Май манты түйүшсө да бизге өзүнчө жасап беришет. Мисалы, сабизди да жаман көрөбүз. Андыктан тамакка болгон табитибиз да бир.

— Силерди көчөдөн тиктеп карап, колу менен жаңсап көрсөткөндө кандай абалда болосуңар?
Мадина: — Биз элдин назарына көнүп калганбыз. Мен өзүм деле көчөдөн эгиздерди көрүп калсам суктанып карай берем. Андан кийин көпкө туруп калсам, алардан айырмачылык издей баштайм. 

— Экөөңөр тең бир баланы жактырып калган учурлар болду беле?

Медина: — Башка жактарбыз бирдей болушу мүмкүн, бирок сезимдерибиз эки башка. Учурда менин жигитим бар. Мырзам менен олуттуу мамиледе сүйлөшөбүз. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМадина: Азыр менин жүрөгүм бош. Эң башкысы, балдар бизди айырмалай билиши зарыл. Бизди Мединасыңбы же Мадинасынбы деп кайра-кайра сурай бергендер жакпайт.
Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Мадина: Азыр менин жүрөгүм бош. Эң башкысы, балдар бизди айырмалай билиши зарыл. Бизди Мединасыңбы же Мадинасынбы деп кайра-кайра сурай бергендер жакпайт.

Мадина: — Азыр менин жүрөгүм бош. Эң башкысы, балдар бизди айырмалай билиши зарыл. Бизди Мединасыңбы же Мадинасынбы деп кайра-кайра сурай бергендер жакпайт. 

— Эгиз кыздар менен эгиз балдар турмуш курган учурлар да аз эмес. Силерге дагы бул көрүнүш жагабы?
Мадина: — Биз эгиз балдар менен жолугушуп калганда тамашалап сөз ыргытып калгандары болот. Бирок биз эгиздер менен турмуш курганды жактырбайбыз, кийин байкуш балдарыбыз эле кыйналат го (күлүп).

— Эмнеден коркосуңар?

Медина: — Шыбырт эткендин баарынан коркобуз. Өзгөчө бийиктиктен жана караңгыдан. Жаныбарларды көп жактыра бербейбиз. Кичинекей кезибизде айылга барганда бизди короз чокуп алган. Ошондон кийин жанына жолобойбуз. Бирок корккондо кыйкырып же катуу ыйлап чуу салбайбыз. Ар бир нерсени жай гана кабыл алабыз.

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
Мадина: — Жаратылыштан көбүрөөк коркобуз. Алар улуу жана сүрдүү көрүнгөндүктөн өзүбүздү кароосуз калгандай сезебиз. Бул болгону дайыма эки адам чогуу жүргөндөн улам болсо керек. Анан коркунучтуу тасмалардан биротоло баш тартканбыз. Себеби он жашыбызда "Звонок" деген жүрөктүн үшүн алган тасманы көрүп, сыягы ошондо катуу коркуп калган окшойбуз. Биздин үйүбүз 24 бөлмө болчу, анын узун залдан өтүп баратканда кудум эле кинодогу жалаңкычтар чыга калчудай сезиле берчү. Ошондон кийин коркунучтуу тасмалардан баш тартууну туура көрдүк. Азыр капысынан көрүп калсак, башка каналга которгонго шашабыз. 

— Анан кандай тасмаларды көрөсүңөр?
Мадина: — Бизге драма, уруш-мушташ, комедия жанрындагы тасмалар жагат. Анын үстүнө таенебиз Жеки Чанды жакшы көрөт. 

— Үй жумуштарына кандайсыңар?

Мадина: — Ашкана меники десем жаңылышпайм. Мен тамак жасаганды жактырам. Үйдөгүлөр даамдуу жасайсың деп айтып калышат.

Медина: — Үйдө менден башкасынын баары тамак жасайт, жолтоо болуунун кажети жок деп ойлойм. Менин милдетиме идиш-аяк жууп, үй жыйнаган кирет.

— Силер фотомодель катары да таанылгансыңар…

Мадина: — Мурун байланыш компаниясынын жана кийим чыгарган фирманын жүзү болгонбуз. Мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүк. Бирок азыр алардан алыстоону туура көрдүк. Эмнегедир алар менен алектенүү кызыксыз болуп калды. 

— Силер "Нон стоп" дуэтиндеги ырчы Чолпон Талипбекованын сиңдилери экениңерди уккам. Эжекеңердин кызматынан пайдаланган учурлар болду беле? 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМедина: Кичинекей кезибизде айылга барганда бизди короз чокуп алган. Ошондон кийин жанына жолобойбуз.
Интервью с актрисами и сёстрами-близнецами Мединой и Мадиной Талипбековами - Sputnik Кыргызстан
Медина: Кичинекей кезибизде айылга барганда бизди короз чокуп алган. Ошондон кийин жанына жолобойбуз.

Медина: — Ал бизге үйдүн улуусу катары чыгармачылыкка жол көрсөтүп берди деп ойлойбуз. Бизди алгач мода көргөзмөлөрүнө чакырганда Чолпондун сиңдилери экенибизди билишчү эмес. Анын үстүнө биздин сырткы келбетибиз моделдик кесипке туура келчү. Азыр деле көбү биле беришпейт.

— Демек чыгармачылыкка аралашып калууңарга Чолпондун да таасири бар турбайбы?

Мадина: — Негизи биздин үйдөгүлөр чыгармачылыктан алыс адамдар. Чыгармачылыкка карай жолду биринчилерден болуп Чолпон эжебиз ачкан. Ал башында апабыздын жолун жолдойм деп экономика тармагына окууга тапшырган. 

Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбүбү Самидин кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын сулуусу-2015: футбол ойночумун, Ош базарынан деле кийим сатып алам!
Медина: — Бирок ал окуу жайдан алган кызыл дипломун апамдын колуна карматып, чыгармачылыкты тандап телеканалдардын биринде алып баруучулук кызматты аркалап калды. Биротоло ушул жол менен кетүүнү туура көрүп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырган.

Мадина: — Анан биз дагы чыгармачылыкка кызыгып калдык. Ушул тармактан билим алууну чечтик. Медина Бейшеналиева атындагы окуу жайдын кино оператор бөлүмүнө таршырса, мен кыргыз-түрк Манас университетинин актердук чеберчилик бөлүмүнө тапшырдым. 

— Чолпондон кем калышпай ырдап чыгуу оюңарда жокпу?

Медина: — Жок, чыгармачылыктын башка багыттарын тандадык. Мен учурда TumarTV каналында оператор-монтажер болуп иштейм. Маселен Чолпон программаларын, долбоорлорун ишке ашырса, аны мен тартып, монтаж кылып берем. 

Мадина: — Мен Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында актриса болуп иштейм. Ырдоо бул Чолпондуку деп эсептейм.

— Апаңар жана эжеңер жөнүндө көбүрөөк кеп кылдыңар?
— Ата-энебиз ажырашып кетишкен. Атабыз өз жумушу менен Москвада. Биз жолугушуп турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0