Бишкекте кымыз майрамы өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКымыс ичүү. Архив
Кымыс ичүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 8-июлда болот. Анда жети облустан келген өкүлдөр өздөрү даярдаган кымызды коомчулукка тартуулайт.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкекке жети дубандан кымызчылар чогулуп, майрам өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргыз ынтымагы" коомдук уюмунун мүчөсү Талас Байбото тегин билдирди.

Анын айтымында, иш-чара кыргыз кымызын даңазалоо максатында өткөрүлгөнү жатат.

"Улуттук суусундуктар ден соолукка абдан пайдалуу. Аны жайылтуу максатында бул майрамдык иш-чараны уюштуруп жатабыз. Мыкты кымызчыларга ардак грамоталар менен сыйлыктар тапшырылат", — деп билдирди Байбото тегин.

Иш-чара 8-июлда саат 10:00дө башталат. 

Бээнин сүтүн жана кымызды туура ичүү боюнча маалыматты Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0