Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүЧек ара посту. Архив
Чек ара посту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл өткөрүү жайларын жабууну Кытай тарап демилгелеген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кытай менен чектешкен "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары Орозо айтка карата убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Көзөмөл өткөрүүчү эки жай 6-июль, шаршемби күнү жабылат да, бир күндөн соң 7-июлда иштей баштайт. 

Чек ара кызматынын маалыматында, көзөмөл өткөрүү жайларын жабууну Кытай тарап демилгелеген.

Орозо айт майрамы Кыргызстанда эртең, 5-июлда белгиленет.

Айт намазы канчада, кантип жана кайсы жерде окуларын Sputnik материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0