23:58 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9302
  • RUB1.1212
Коом
Кыскача шилтеме алуу
89 0 0

Коргоо кеңешинин катчысы отурумда ИИМдин түзүмдөрүн кайра карап чыгуу айтылганына токтолду.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. УКМКнын бизнеске жана контрабандага каршы күрөшүү функцияларынын баары алынып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров кеңештин жыйынында каралган маселелер тууралуу айтып жатып журналисттерге маалымдады. 

Белгилей кетсек, Коргоо кеңешинин отурумунда Укук оргоо органдарынын системасын реформалоо жана азыркы шартта миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери каралган. 

Жумакадыров отурумда ИИМдин түзүмдөрүн кайра карап чыгуу айтылганын кошумчалады. 

"ИИМдин кылмыштуулукка каршы күрөшүү функцияларын дагы күчтөнткөнгө багытталган чечимдер кабыл алынды. ИИМ коомдук коопсуздукту, кылмыштуулукту азайтуу боюнча саясатты иштеп чыгып жана ошону өзүнүн кызматтары аркылуу ишке ашырган орган болот", — дейт ал. Андан сырткары министрликтин алдында бир катар кызматтар түзүлөт. Алар: 

  • Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызматы;
  • Криминалдык милиция;
  • Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат;
  • Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы;
  • Тергөө кызматы;
  • Өздүк коопсуздук кызматы. 
  • Баңги заттарга каршы күрөшүү кызматын толугу менен ички иштер министрлигине өзүнчө кызмат катары өткөрүп берүү;
  • Ошондой эле ИИМдин экономикага жана бизнести текшерүүгө кийлигишүүсүн токтотуу үчүн ИИМдин түзүмүндөгү 5-башкы башкармалыгы толугу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берүү.

Жумакадыров укук коргоо органдарындагы белгиленген реформаларды өкмөт менен Жогорку Кеңеш биргеликте ишке ашырарын кошумчалады.

Тема боюнча

ИИМдин академиясы министрликтин курамынан чыгарылат
Белгилер:
контрабандалык жүк, бизнес, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ