Сариева айрым ЖОЖдун ишине нааразы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял министра образования и науки Эльвиру Сариеву
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра образования и науки Эльвиру Сариеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр абитуриенттер жана ата-энелер үчүн маалымат аз болуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Абитуриенттер үчүн айрым жогорку окуу жайлар жетишсиз маалымат берүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева ЖОЖ жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада калктын аялуу катмары үчүн бериле турган жеңилдиктер жөнүндө сөз болду.

"Абитуриенттерди тийиштүү маалымат менен камсыздоого болгону сегиз окуу жай жоопкерчиликтүү мамиле жасады. Айрым ЖОЖдор тууралуу маалымат жарым-жартылай болсо, кээсинин сайты таптакыр иштебейт", — деди министр.

Жыйындын соңу менен абитуриенттер жана ата-энелер үчүн окуу жай тууралуу маалыматтын максималдуу көлөмүн жарыялоо тапшырмасы берилди. Мында Сариева окуунун баасы, бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтын кеңири берилишин талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0