08:40 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү

Жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү

© Sputnik / Эльмира Суйутбекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

"Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" 29-июнда Ташкент шаарында башталып, Казакстанда соңуна чыгат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Казакстан менен кесилишкен Чоң-Капка аймагынан билдирди.

  • Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
    Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
    © Sputnik / Эльмира Суйутбекова
  • Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон долбоорунун алкагында өтүүдө
    Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө
    © Sputnik / Эльмира Суйутбекова
  • Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет
    Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет
    © Sputnik / Эльмира Суйутбекова
  • Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.
    Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.
    © Sputnik / Эльмира Суйутбекова
1 / 4
© Sputnik / Эльмира Суйутбекова
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү

Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары (Dean Karnazes) Борбордук Азиядагы үч өлкө — Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө.

"Карнасис чек арадан чуркап өттү. Аны кыргыз каадасы — боорсок, сары май менен тосуп алышты. Көзөмөл пунктунан ага кыргыз күйөрмандар кошулуп, Кызыл-Жылдыз айылына чейин чуркап бармай болушту", — деди кабарчы.

Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет. Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.

"7-июлда Шопоков шаарына келсе, эртеси Бишкекте болот. Аны АКШ элчилигинин эки унаасы коштоп жүрөт. Анда спортчунун саламаттыгына көз салган дарыгерлер менен бардык тийиштүү жабдуулар бар", — деди журналист.

Марафон 29-июнь күнү Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында башталып, 10-июль күнү Алматы шаарында соңуна чыкмакчы. 50 жаштагы Карнасис жалпы жонунан 11 күндүн ичинде 525 чакырымдык аралыкты чуркап өтүүгө белсенүүдө.

Иш-чараны АКШнын аталган үч өлкөдөгү элчиликтери уюштуруп, ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. 

Дин Карнасис алыскы аралыкка чуркаган дүйнөдөгү белгилүү жөө күлүктөрдүн бири. Эң эсте каларлыгы — ар бири 42 чакырымдан болгон 50 марафонду АКШнын 50 штатында 50 күн катары менен чуркап өтүшү. 

Мындан тышкары, 2005-жылы Түндүк Каролинада уйку көрбөй 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө чуркап өткөн.

Тема боюнча

Алтынчы класстын окуучусу байкабай жарым марафондук аралыкты чуркап койгон
Көзү азиз марафончу: көрбөсөм эле колумдан эч нерсе келбей калмак беле
Белгилер:
жөө күлүк, марафон, Дин Карнасис

ЭҢ МААНИЛҮҮ