Кыргыз эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчиев дүйнө салды

Жазылуу
Кыргызстандын маданият орду толгус оор жоготууга учурады.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргыз эл сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турсунбек Койчиев дүйнө салганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Койчиев 1-июлда 75 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Белгилей кетсек, ал 1941-жылы 14-октябрда Чүй облусундагы Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. 1958-жылы Фрунзедеги сүрөтчүлөр училищесина тапшырып, аны 1963-жылы аяктаган. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР Кыргыз эл сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турсунбек Койчиев
Народный художник республики Турсунбек Койчиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турсунбек Койчиев

Койчиев көп жылдар бою "Кыргызстан" жана "Мектеп" басма үйлөрүндө сүрөтчү болуп иштеген.

Эстеликке гүл койуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сценарист, жазуучу Талип Ибраимов дүйнө салды
Ал Италия, Монголия, Швеция жана Бельгия сыктуу бир нече мамлекеттердеги эл аралык конкурстарга катышкан. Ошондой эле Москва, Вильнюс, Алматы, Таллин, Ташкент, Львов, Душанбе шаарларында өткөн бүткүл союздук көргөзмөлөргө анын эмгектери коюлган. 

Анын 10дан ашык эмгектери Казакстан, Россия, АКШ, Түркия сыяктуу мамлекеттердин башчыларына тартууланган.

2007-жылы Кыргыз эл сүрөтчүсү наамын алган.

Койчиев менен коштошуу зыйнаты 3-июлда Гоголь жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши жакта өтөт, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0