Турсезондо 5 стационардык жана 19 көчмө посттор ишке кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милиция кызматкери. Архив
Патрулдук милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара жол кырсыгын алдын алуу болуп саналат.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Быйылкы туристтик сезон убагында Чүй облустук Кайгуул милициясы тарабынан 5 стационардык жана 19 көчмө посттор ишке кирет. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

Аталган иш-чара жол кырсыгын алдын алуу болуп саналат.

"Курорттук аймактарда жана Ысык-Көлгө кетчү жолдордо милиция кызматкерлери текшерүүлөрдү уюштуруп, эс алуучулардын коопсуздугун сакташууда. Мындан сырткары кайгуул милиция кызматкерлеринин өз алдынча жолго чыгып алуусу да текшерилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишеним телефондор жазылган 13 банер жолдорго орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0