Бишкек ТЭЦин жаңылоо белгилинген мөөнөттө жүрүүдө

Жазылуу
Вице-премьер-министр Олег Панкратов Бишкек ТЭЦинде жасалып жаткан иштер менен жеринде таанышты.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) жаңылоо иштери белгиленген мөөнөттө жүрүп жатканын вице-премьер-министр Олег Панкратов аталган жайга барганда айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал ТЭЦти жаңылоо стратегиялык мааниге ээ экендигин айтып, жүрүп жаткан бул иштер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого болгон кезектеги аракет экенин белгиледи.

"Ушуларды эске алуу менен өкмөт жаңылоо иштеринин сапаттуу болушуна абдан маани берет. Ал да өз мөөнөтүндө аякташы керек", — деди ал.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Панкратов ошондой эле лингвисттер техникалык жана долбоордук документтерди ыкчам которуп бүтүшү зарылдыгын айтты. Көзөмөлдөөчү органдар курулуш иштерине жолтоо болбостон ТЭЦтин жетекчилиги менен тыгыз байланышта иштеши керектигин кошумчалады.

Андан сырткары вице-премьер-министр күз-кыш мезгилинде көмүр алып келүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында, тендерлерди маалында өткөрүү керектигин эскертти.

Белгилей кетсек, ТЭЦти жаңылоо иштерин Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0