"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту быйылкы турсезондун алгачкы эс алуучуларын кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы аэропортунун жургунчулору. Архив
Тамчы аэропортунун жургунчулору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчилерден болуп Ысык-Көлдөгү аэропортко Ош менен Алматы шаарларынын жашоочулары учуп келди.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жума күнү "Ысык-Көл" эл аралык аба майданы быйылкы жайкы сезондун алгачкы эс алуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Темир жол платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турассоциация: Кыргызстан туристтерден куру кол калып жатат
Биринчилерден болуп Ысык-Көл облусундагы аэропортко Ош менен Алматы шаарларынын жашоочулары келишти.

Ош — Тамчы — Ош каттамы боюнча учак бир жумада эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү учуп турмакчы. Ал эми Казакстандын Астана жана Алматы шаарларынан учактар дүйшөмбү менен жума күндөрү каттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0