Иттин арткы шыйрагындай, жантыгынан жата калуу — түшүндүңүзбү?

Жазылуу
Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп эсептелет. Кепте даяр түрдө колдонулуп, карапайым сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жетелейт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik, Айида Батырбекова. Sputnik Кыргызстан агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын бул санында филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев менен фразеологизмдердин маанисин чечмелөөнү улантты. 

Башың баш, багалчагың кара таш — "Билгениңди жаса, эмне болсоң ошо бол" деген маанини билдирет. Кээ бир кежир кишилер болот: ары айтсаң да болбойт, бери айтсаң да болбойт. Оң жакка айдасаң тескери кетип, өз билгенин жасайт, көбүнчө туура эмес жасайт. Ошондой сөз укпаган адамдарга: "Башың баш, багалчагың кара таш, мейли, өз билгениңди жаса", — деп айтышат.

Бел куда болуу — бала төрөлө электе кудалашып коюу. Көбүнчө жакын санаалаш кишилер, достор же арасы алыстап бара жаткан тууган-туушкандар келечекте мамилесин үзбөй улантып, катышып жүрүү үчүн: "Эгер экөө тең эркек туулса дос болушсун, эгер бирөө кыз, бирөө эркек болуп калса, куда бололу", — деп бел куда болушкан. Бул бала белде, ичтеги кезинде, алдын-ала жакшы тилек менен айтылган сөз, азыркыча айтканда – убадалашуу, келишим түзүү.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?
Бетинде кызылы бар — уяты бар, адептүү, ыймандуу киши деген сөз; бетинен оту чыгуу – абдан уят болуу, ыңгайсыз абалда калуу; бетинен түгү чыгуу – абдан ачуулануу, жини келүү дегенди билдирет. 

Желкемдин чуңкуру көрсүн — кимдир бирөөнү же бир ишти, окуяны экинчи көргүсү келбөө, жек көрүү. Мисалы, "аны желкемдин чуңкуру көрсүн, экинчи ал тарапка басып барбайм", — деп айтса болот.

Жарма дос — чыныгы, туруктуу дос эмес, катыш-чатышы жок. Кээде гана кездешкен учурда мамиле түзө коймой утурумдук дос, башкача айтканда жарма (тамак) ичкен учурларда гана дос боло калган адамдарга карата айтылат. 

Жантыгынан жата калуу — өзүнө пайдалуу ишке дароо макул болуу, ичинен билгизбей кым дей түшүү (сүйүнүп кетүү). 

Иттин арткы шыйрагындай болуу – адам өтө катуу уят болуп, абдан ыңгайсыз абалда калганда айтылчу сөз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0