Президент: дарыгерлерди элет жеринде кармап калууга болгон күчтү жумшоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы ата мекендик саламаттык сактоонун ардагерлерине, дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы дарыгерлик адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип экенин белгиледи. 

"Биз дарыгерге ишенип, эң жакын адамыбызга гана айта турган жүрөк түпкүрүндөгү көйгөйүбүздү айтып, ден соолугубуздун сырын ачып беребиз. Анын кеңештерин кунт коюп угуп, көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз аткарабыз. Анткени биздин саламаттыгыбыз ушуга байланыштуу болот", — деди Атамбаев.

Ак калпак күнүн белгилөө майрамынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекитти
Өлкө башчы жарандардын саламаттыгын сактоо мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктарынын бири экенине токтолду. Аны менен катар эле мамлекет калктын бардык катмарларынын жашаган жерине жана материалдык мүмкүнчүлүгүнө карабастан медициналык жардамдан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатканын кошумчалады. 

"Жаңы клиникалардын жана медициналык борборлордун курулушу башталды, алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот. Бүгүн биз өзүбүздүн жаш дарыгерлерибизди, айрыкча элет жеринде кармап калуу тууралуу тереңирээк ойлонушубуз керек. Биринчи кезекте биз аларга татыктуу эмгек акы төлөшүбүз шарт, бул жакынкы келечектин иши. Дарыгердин эмгеги татыктуу бааланууга тийиш", — деди президент.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашууда илимий-изилдөө борбору иштей баштады
Атамбаев ата мекендик саламаттык сактоонун ардагерлерине, майрам күнү ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө нөөмөттө турган, тез жардам бригадаларынын курамында чакырууларга чыгып, адамдардын дартына дабаа таап жүрүшкөн бардык медициналык кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирди. 

Куттуктоо соңунда өлкө башчы дарыгерлерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0