ТИМ: Стамбулдагы жан кечтинин бирөө КР жараны деген маалымат тастыкталган жок

© REUTERS / Osman OrsalСотрудники полиции обходят терминал Стамбульского аэропорта Ататюрк
Сотрудники полиции обходят терминал Стамбульского аэропорта Ататюрк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-июнда "Ататүрк" аба майданында болгон жардыруудан 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аба майданында жардыруу  жасаган жанкечтилердин бирөө кыргызстандык экен деген маалымат тастыкталбаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аба майданында болгон террордук кол салуудан сынган айнек - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун аба майдандагы терактыдан жаракат алган КР жараны ооруканадан чыкты
Белгилей кетсек, бүгүн Түркиянын бир катар ЖМКлары үч жанкечтинин бирөө Кыргызстандын жараны экени аныкталды деген маалыматтарды тараткан. 

28-июнда "Ататүрк" аба майданында болгон жардыруудан 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Маалыматка ылайык, Стамбулдагы консулдуктун кызматкерлери шаардын терроризм менен күрөшүү башкармалыгынын адистери менен жолуккан. Натыйжада жанкечтилердин аты-жөнү, кайсы өлкөнүн жарандары экени такталып жатканын ырасташкан. Башкармалыктын өкүлдөрү үч жанкечти тең Чечен республикасынын жарандары болушу ыктымалдыгын боолголоп жатканы айтылды.

Полиция кызматкерлери Ататюрк аэропортунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракт жасаган үч жанкечтинин сүрөттөрү жарыяланды
Ошондой эле учурда Стамбулдун терроризм менен күрөшүү башкармалыгы шектүү кишилер ижарага алган батирди таап, кошуна-колоңдорун суракка алып, ишти иликтеп жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн Түркиянын бир катар ЖМКлары үч жанкечтинин бирөө Кыргызстандын жараны экени аныкталды деген маалыматтарды тараткан.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0