Быйыл айт намаз Бишкектин эски аянтында окулбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаздагы милиция кызматкери. Архив
Айт намаздагы милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозонун аякташы менен боло турчу майрамдык намаз 5-июлда өтөт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Айт намазы 5-июлда саат 7.30дан 8.10гө чейин Жеңиш аянтынын жанындагы Фрунзе көчөсүндө окула турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Намаз окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо айт майрамын белгилөө эрежелери
Буга чейин айт намаздары эски аянтта окулуп келген. Быйыл ал жакта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, майрамдык намаз Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болот.

Аталган аймак Биринчи Май райондук "Тазалык" жана "Зеленстрой" ишканалары тарабынан иретке келтирилип, тазаланат. Ал эми Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы айт-намаз учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0