Сатып алуулар сайты "латындашкан" коррупциячылардын жолун бууду

© SputnikМамлекеттик сатып алуулар сайты. Архив
Мамлекеттик сатып алуулар сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мүсүралиев эксперттер менен биргеликте коррупциянын элементтерин жок кылып жана алдын алууга жетишүү боюнча атайын стратегиянын үстүндө иштеп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталда жаңылануу болуп, анда коррупциялашкан латын тамгаларын мындан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында Сатып алуулар боюнча департаменттин директорунун орун басары Сүйүнтбек Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында,  "коррупциялашкан латын тамгалары" байкалган беш тендер жокко чыгарылган. 

"Булардын ичинен эң ириси Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын үй куруу үчүн жарыялаган 431,7 миллион сомдук тендери. Калган төртөөнү Свердлов райондук билим берүү борбору 2 миллион сомго жарыялаган. Жыл башынан тарта латын тамгалары менен киргизилген коррупциялык маанайдагы 656 миллион сомдук 72 тендер табылган",— деп айтты Мүсүралиев.

Ал IT-адистер сайтты толуктап иштеп чыккандыгын, эми сайтка кириллица менен латынча тамгаларды бир сөз менен терип киргизүүгө мүмкүн болбой калгандыгын айтты.

"Эми колдонуучулар кириллица тамгалары менен жазыла турган сөзгө латын тамгаларын аралаштыра албайт. Анткен менен латынча тамгаларды киргизүү кыйынчылыкка деле турбайт",— деди ал.

Анын пикиринде, бул коррупциялык жолдордон толугу менен коргоого кепил боло албайт, бирок, мурдагы ыкмаларды колдонууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек
"Азыр эксперттер менен биргеликте коррупциянын элементтерин жок кылып жана алдын алууга жетишүү боюнча атайын стратегияны иштеп чыгып жатабыз",— деди Мүсүралиев.

Буга чейин ал "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу комиссия да бул маселени карап жаткандыгын айткан. Анда кыргыз, орус тилдеринде, тагыраагы кириллица тамгаларында гана жарыяны сайтка киргизүү айтылган. Ал эми бренддер, ишканалардын аттарын гана латынча жазууга уруксат берип, калган учурда колдонбош керек деген демилге киргизилип жаткандыгын кошумчалаган.

Буга чейин коомчулукка "латын ариптери" чуусу жабышкан Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу боюнча эки тендери жана Чоң-Алай администрациясынын социалдык объектилерди курууга жарыяланган тендери маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0