Парламент эс алууга кетерде 32 мыйзам долбоорун кароого чамынып жатат

Жазылуу
Күн тартибинде парламент ратификациялай турган эл аралык маанидеги документтерден тарта ички ченемдик-укуктук нормалар, бир нече мыйзамдардын долбоорлору бар.

БИШКЕК, 28-июн.— Sputnik. Бул аптада шаршемби, бейшемби күндөрү ЖКнын VI чакырылышынын депутаттары кезектеги сессиясын аяктайт. Буга байланыштуу парламенттин эртеңки жыйынынын күн тартибине 32 мыйзам долбоору коюлду.

Гезит жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК тууралуу мыйзам долбоору депутаттарды ызы-чуу түшүрдү
Алардын арасында парламент ратификациялай турган эл аралык маанидеги документтерден тарта ички ченемдик-укуктук нормаларга, ички мыйзамдарга киргизиле турган өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча мыйзам долбоорлору каралат. 

Эртең "Электр энергетикасы жөнүндө", "Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө”, "Кооптуу өндүрүштүк объектилердеги өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзамдын жана Жазык-процесстик кодексинин долбоору талкууланмакчы. 

ЖКнын депутаттарынын VI чакырылышына шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында болуп, ага КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0