Орозо айт 5-июлга белгиленди. Эмки шейшемби — дем алыш

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаздын катышуучулары. Архив
Айт намаздын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги таратты.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үстүбүздөгү жылдын 5-июлу майрам күн деп жарыяланганын билдирди.

"Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, айга карап аныкталчу Орозо жана Курман айт күндөрү эс алуу күнү деп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт 5-июль күнү болорун аныктады. 4-июлда 29 күнгө созулган орозо аяктап, эртеси Айт намаз окулат.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0