ЖРТ боюнча упай жетпей калганда: кимге кандай жеңилдиктер каралган

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭкзамендин жыйынтыктарын карап жаткан абитуриент. Архив
Экзамендин жыйынтыктарын карап жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү жогорку окуу жайларда кабыл алуу комиссиялары өз ишин баштайт. Окуунун акчасын төлөөдө кимдер жеңилдик алып, кимдер толук бошотулары жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Абитуриентти кабыл алууга саналуу гана күн калды. Көпчүлүк ЖОЖдорго Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы менен гана тапшырууга болот. Бюджеттик бөлүмгө өтүү үчүн негизги тест боюнча упай 110дон, тандаган сабак боюнча 60тан кем болбошу керек. Бирок андан көп упай да сизге мамлекеттин эсебинен окууга кепилдик бере албай. 

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТ: тест тапшыргандар химия, физикага караганда тарыхты көп тандашууда
Дагы бир жолу — айрым окуу жайларда кирүү сынактары бар, ошолордун жыйынтыгынын негизинде бюджеттик орунга жетсеңиз болот. Мисалы, Кыргыз-Россиялык Славян университетинде жыл сайын Россия өкмөтү 500 гранттык орун бөлүп берип, аларга дал ошол кирүү сынактарынын негизинде кабыл алышат. 

Үчүнчү жолу — бул жеңилдиктер менен окуу акысын кыскартуу. Окуунун баасын кантип жарым-жартылай төлөп же акысыз окууга кантип жетишүү керек деген көп берилүүчү суроолор боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Билим берүү министрлигинен жана ЖОЖдордон жооп беришти.

Өлкөдө канча ЖОЖ бар?
Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар, алардын 31и мамлекеттик, калгандары жеке менчик болуп эсептелет. 

Студенттер үчүн жеңилдиктер жана окуу акысын төмөндөтүү барбы?
Бул маселени ар бир окуу жайы Билим берүү жана илим министрлигинин кеңештерине таянуу менен өзү чечет.

Окуу акысын төмөндөтүү менен каралган жеңилдиктерге ким ээ боло алат?
Тоголок жетимдерге, анын ичинде расмий карай турган кишиси барларга да көпчүлүк ЖОЖдор окуу акысын 100 пайыз арзандатып, же гранттык орундарды беришет (Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектуралык университет, Кыргыз айыл чарба университети, КРСУ). Айрым ЖОЖдордо (мисалы, Бишкек гуманитардык университетинде) мындай студенттер окуу акысынын 50 пайызын, ал эми Борбордук Азиядагы Америка университетинде 90 пайызга чейин төлөйт. Ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган жетимдерге жеңилдиктер каралган эмес. 

Майыптар окуу акысы жагынан жеңилдик ала алабы?
Бул да ЖОЖго жараша, айрымдарына майыптар үчүн атайын жеңилдик деги эле каралган эмес. Башкаларында I жана II топтун майыптары үчүн 25 пайыздан 100 пайызга чейинки жеңилдиктер (КУУ) же гранттык орундар (КМКТАУ, КРСУ) бар. 

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жеңилдик каралганбы?
Бул жерде да баары ЖОЖго жараша. Андыктан сөзсүз кабыл алуу комиссиясы менен байланышуу керек. Мисалы, "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинде каралган жеңилдиктер 30-100 пайызды түзөт.

Дүйнөлүк, Азия жана Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү же кайсы бир байгенин ээси үчүн жеңилдиктер барбы?
Адатта мамлекеттик окуу жайларда, мисалы, КУУда, 50 пайызга чейин жеңилдик берилиши мүмкүн. Ал эми КМКТАУда мындай абитуриенттер гранттык (бюджеттик) орун ала алышат. 

Окуу акысынын кыскарышына кайсы категориядагы абитуриенттер кирет?

Жалпы республикалык тестти кантип тапшырып, окууга кантип өтүүгө болот?
Кайрылмандардын балдары (КМКАУ) жана бир эле окуу жайда бир туугандары да окуган болсо ("Ататүрк-Алатоо"). Айрым окуу жайларда, мисалы БААУда, чет мамлекеттик уюмдар берген стипендиялар менен гранттар бар.

Кайсы окуу жайларда эч бир жеңилдиктер же арзандатуулар каралган эмес?
Улуттук көркөм академиясына ЖРТ менен ички сынактын (сүрөт тартуу) негизинде гана тапшырууга болот. Эгер сүрөткө шыгың болбосо, эч кандай эмгек же статус жардам бербейт. Аскер институту менен ИИМ академиясында да жеңилдиктер жок. ИИМден түшүндүрүшкөндөй, бардык орундар ансыз деле бюджеттик болуп эсептелет, кабыл алуу чеги Билим берүү министрлиги тарабынан аныкталган, андан тышкары абитуриенттердин ден соолугуна талап жогору.

Жеңилдик алуу үчүн эмне кылыш керек?
Эгер жеңилдиктерге жана окуу акысын арзандатууга жетише алам десеңиз, окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы менен сөзсүз байланышыңыз. Ал жерден окуу акысын азайтып берер-бербесин кенен түшүндүрүп беришет. 

Кайсы документтер керек?
Абалга жараша. Мисалы, жетимдер ата-энесинин өлүмү жөнүндө күбөлүк, ал эми майыптар тийиштүү далил каттарды ж.б. тапшырышы керек. Бардык документтерди окуу жайдын администрациясына тапшыруу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0