Башкы дарыгер: ооруканага күйдүргү менен түшкөндөр да, каза болгондор да жок

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы кишилер күйдүргү менен ооруканага түшүп каза болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканага күйдүргү дарты менен түшүп жана каза таап калгандар жок экенин аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда жана WhatsApp аркылуу учурда Бишкектеги жугуштуу илдеттер боюнча ооруканага күйдүргү дарты менен жатып каза болгондор бар экени, андыктан базардан эт сатып албоого чакырган билдирүү тараган.

Аалиев мындай чагымчылдык кадамга алдырып, элди кооптонбоого чакырду.

"Биздин ооруканада күйдүргү дартына кабылып келип түшкөндөр жана каза болгондор жок. Коомду мындай маалыматка алдырып, кооптонбоого чакырам", — дейт ал.

Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Анын таякчалары абдан туруктуу келгендиктен көп жылдар бою (20-30дан ашык) жашайт. Көбүнчө бул оору менен бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башкалар ооруйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0