Акын Турар Кожомбердиевге арналган кайрымдуулук концерти болот

© Sputnik / Нургуль МаксутоваАкын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери
Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт акындын 75 жылдык юбилейинин алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык мааракесине арналган акындын обондуу ырларынан түзүлгөн кайрымдуулук концерти өтөт. Бул туурасында акындын кызы Нургүл Кожомбердиева кабарлады. 

© Фото / из семейного архива Нургуль КожомбердиевойПоэт и лирик Турар Кожомбердиев
Поэт и лирик Турар Кожомбердиев - Sputnik Кыргызстан
Поэт и лирик Турар Кожомбердиев

Концерт акындын 75 жылдык юбилейинин алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири. 

"Концерттен түшкөн каражат акындын 75 жылдык мааракесин өткөрүүгө, Кожомбердиев атындагы сыйлыкты уюштурууга, китептерин чыгарууга жана туулган айылы Сары-Булактагы үй-музейин тургузууга жумшалат", — деди Кожомбердиева. 

Дочь поэта и лирика Турара Кожомбердиева Нургуль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акындын кызы: Турар Кожомбердиевди 30 жаштагылар билбей бара жатыптыр
Концерт 30-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

Турар Кожомбердиев кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабытынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат. 

Ал Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулуп, 1989-жылы 48 жашында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0