Кочкордун Комсомол айылында жаштардын демилгеси менен ичкиликке тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековИчкиликти төгүп жаткан адамдар. Архив
Ичкиликти төгүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалыкка аалымдар кеңешинин мүчөсү Эрик Молдокулов катышып, ичкилик сатууну токтоткон дүкөн ээлерине Нарын облустук өказыятынын атынан ыраазычылык баракчасын тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кочкор районунун Комсомол айылынын тургундары спирт ичимдиктерин сатууну токтотушканын муфтият билдирди. 

Жаштардын демилгесинин арты менен айылдагы үч дүкөн ичимдик сатпай турган болду. 

"Албетте, Комсомол айылынын жашоочулары кыргыз келечеги үчүн башка айылдарга үлгү боло турган иш кылышты", — деди демилгечилер. 

Саамалыкка аалымдар кеңешинин мүчөсү Эрик Молдокулов катышып, ичкилик сатууну токтоткон дүкөн ээлерине Нарын облустук казыятынын атынан ыраазычылык баракчасын тапшырды. 

Эскерте кетсек, буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында, Нарын районунун Миң-Булак айылында да ичкилик сатуу таптакыр токтотулган.

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0