Сен кайдасың бул күндө… Чет жактан "бакыт тапкан" экс-жетекчилер

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиялык ишкер Шон Дейли КРдин качкын президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин үстүнөн сотко кайрылып, андан компенсация төлөтүүнү талап кылып жатканын The Daily Mail басылмасы билдирди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бийликте турганда коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелип, учурда чет жактан башпаанек алып же ошол жакта жашап жаткан аткаминерлердин саны ондоп саналат.

Англиялык ишкер Шон Дейли Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин үстүнөн сотко кайрылып, андан компенсация төлөтүүнү талап кылып жатканын The Daily Mail басылмасы билдирди. 

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
Аталган бизнесмен 2006-жылы Кыргызстандагы англиялык алтын казган Oxus Gold компаниясында иштеп келген. Филармониянын жанындагы ресторандын биринен чыгып келе жатканда ок жеген.

Басылманын маалыматы боюнча кол салуудан бир күн мурун ал "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү үчүн укук алууга аракет кылган атаандаш компанияга каршы соттук ишти утуп алган. Сотто жеңилип калган компания Максим Бакиев менен жең ичинен сүйлөшүп алганы айтылып келет.

Белгилей кетсек, 23-майда Кыргызстандын аскер соту Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринин мунапыс жөнүндөгү аппеляциясын жокко чыгарып, аны өмүр бою абакка кескен буга чейинки инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чет мамлекеттен "бактысын тапкан" айрым атка минерлерди тизмектеп көрдү.

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев
IV Международный фестиваль Мстислава Ростроповича - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев

Бул тизменин көч башында Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев турат. Ал 2005-жылы 24-марттагы окуялардын кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал Москва шаарында жашап, иштеп келет. Кыргызстанда ага карата кылмыш иши козголгон эмес, бирок, өлкөгө кайта турган болсо бир катар кылмы иштерине күбө катары суракка алына турганы айтылып келет. Ал 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

Биринчи президенттин уулу Айдар Акаевге кылмыш иши козголгон. Ал кезинде Жогорку Кеңештин депутаты да болууга жетишкен. Ага карата опузалап акча талап кылуу, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Айдар Акаев өзүнө коюлган айыптардан улам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал Москва шаарында жашап жатканы айтылат.

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев
Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев. Кыргызстандын экинчи президенти мамлекетти жетектеп турганда адам өлтүрүүнү уюштуруу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка оор кылмыштар боюнча айыпталып, үй-мүлкүн камакка алуу менен сыртанын өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда Белоруссиянын Минск шаарында жашарын ЖМКлар жазып келет.

© AP Photo / Sultan DosaliyevКачкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев
Сын беглого президента Максим Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев

Максим Бакиев. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин директору. Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик насыяны туура эмес колдонгондугу үчүн Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Кыргызстанда ал 2010-жылкы апрель революциясы учурунда тынч жарандарга карата ок чыгарууга тийиштиги бар делип, адам өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталган. Учурда Улуу Британиянын Лондон шаарында жүргөнү ЖМКларда айтылат.

© Sputnik / Андрей СтенинЭкс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш (Жаныбек) Бакиев
Коопсуздук жана укук коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш (Жаныбек) Бакиев

Жаныш (Жаныбек) Бакиев, экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси. Мурдагы мамлекеттик коргоо кызматын башкарган. Ал Кыргызстанда адам өлтүрүү, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адам уурдоо, маңзаттарын мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо боюнча айыпталып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Учурда Белоруссиянын Минск шаарында экени айтылат, айрым маалыматтар боюнча Түркияда жүрөт.

Марат Бакиев, качкын президент Курманбек Бакиевдин улуу баласы. Учурунда Улуттук коопсуздук кызматында иштеген. 2010-жылы КР Башкы прокуратурасы ага издөө жарыялап, ошол эле жылы "Ала-Тоо" аянтындагы тынч элди атууга берилген буйрукка тийиштиги бар, кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонгон деп айыпталууда. Учурда Белоруссияда экени айтылып жүрөт.

© AFP / FREDERIC BROWNКыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев
Бывший премьер-министр Кыргызстана Николай Тимофеевич Танаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев

Николай Танаев, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган. Учурда Россияда экени айтылат.

© Фото / Пресс-служба ЖКМурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, экс-депутат Нурлан Сулайманов
Нурлан Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, экс-депутат Нурлан Сулайманов

Нурлан Сулайманов, мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, экс-депутат. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. 2012-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Түркияда жашай турганы боюнча маалыматтар бар.

Сапарбек Балкыбеков, КРдин мурдагы энергетика министри. Коррупциялык иштер боюнча айыпталган. 2011-жылдын башында Дублин шаарында (Ирландия) кармалганы маалымдалган.

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүМурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов
Новый премьер-министр Кыргызстана Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов

Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов мамлекеттик жерди бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүүдө. Ал Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Үсөнов 2010-жылы 7-апрель окуялары боюнча сыртынын өмүр бою эркинен ажыратылып, каршылык акциясына чыккандарды атуу боюнча мурдагы мамлекеттик жетекчилер менен кутум жасашкан деп айыпталууда. Учурда Россияда экени айтылат.

Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана айыл чарба министри. Ал Кыргызстанда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, издөөгө алынган. Аткаминер Россиянын Пенза облусунун вице-губернатору кызматына чейин көтөрүлгөн. Учурда Россияда экени божомолдонуп келет.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов
Экс-мэр города Ош Мелис Мырзакматов - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов коррупцияга, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, издөөгө алынган. Айрым маалымат булактарына ылайык анын Кытайдын Үрүмчү аймагында экени айтылат.

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров

Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2012-жылы Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен өкмөт үйүн басып алууга аракеттенишкен деп айып коюлуп, 1 жыл 5 айга кесилген. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн соң чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал Европа, Кипр мамлекеттеринде болуп, учурда Россияда экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү ырастады.

© Александр ФедоровБишкек шаарынын мурдагы мэри жана КРдин биринчи вице-премьер-министри Борис Силаев
Экс-мэр города Бишкек Борис Силаев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана КРдин биринчи вице-премьер-министри Борис Силаев

Борис Силаев, Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана КРдин биринчи вице-премьер-министри болуп иштеген. Учурда Москва шаарында экени маалымдалат.

Эсен Топоев, КРдин мурдагы коргоо министри. 2005-жылы 24-мартта болгон окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. ЖМКдагы кабарларга ылайык Москва шаарында жашап, эмгектенет. Россиянын чет жакка курал-жарак экспорттогон ири ишканасы "Рособоронэкспорт" ААКтын директорунун орун басары кызматын аркалаганы айтылып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0