Сариева Чүйдөгү мектептердин ремонтун текшерип жүрөт

Жазылуу
Буга чейин өкмөт тийиштүү мекеме-ведомстволор менен авариялык абалдагы жана ремонтко муктаж мектептердин тизмесин бекиткен.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Чүй облусундагы мектептердин капиталдык ремонтунун жүрүшү менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салды
Маалыматка ылайык, өкмөттүн "Коопсуз мектеп жана бала бакчалар" программасынын алкагында оңдоп-түзөө иштери жана мектептердин курулуш аяктоо үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөн. 

Буга чейин өкмөт тийиштүү мекеме-ведомстволор менен авариялык абалдагы жана ремонтко муктаж мектептердин тизмесин бекиткен. Ага 100 окуу жай кирип, оңдоп-түзөө иштери күз айларына чейин жүрөрү айтылган.

Сариева программаны ишке ашыруунун биринчи этабында эле 200 миллион сом үнөмдөлгөнүн белгилеп, бул каражат тизмеге кирбей калган мектептердин ремонтуна жумшаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0