Мэрия шаардын көркүн бузган 200 жарнамалык тактаны алат

Жазылуу
Калаанын муниципалитети мындай аракеттер шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталарын белгилейт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин мэриясы быйыл борбор калаанын көркүн бузуп, тоолорду тосуп калган 200 жарнамалык такталарды алууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук көчөлөрдү жеңилдетүү үчүн Манас, Айтматов, Чүй проспектиси жана Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү такталар алынмакчы. Учурда Манас жана Айтматов проспектисиндеги жарнамалык 50 такта алынды. 

Мэрия аталган иш-чара шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталганын билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0