Мэр Бишкектин ремонт жасала турган 47 көчөсүн бекитти

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРемонт иштери. Архив
Ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоло турган жолдун узундугу 40 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов жаңы конуштардагы оңдоого муктаж жолдордун тизмесин бекитти. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Тизмеге жалпы 47 унаа жолу кирип, узундугу 42 миң 600 чакырымды түздү.

Борбордун башчысы шаардык кызматтарга жаңы конуштардагы кемтик жолдорго акт түзүү жана оңдоо иштерине керектүү жабдыктарды сатып алуу иштерин тапшырды. 

Мындан тышкары, мэр аталган жолдорду оңдоого райондук бюджеттен 10 миллион сомдон бөлүп берүүгө уруксатын берди. 

Бишкектин "өлгөн" көчөлөрүн Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү картадагы сүрөттөрдөн көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0