Адыр, адыр тоолордон, айгыр минип биз келдик. Жарамазан — тилемчиликпи же салтпы?

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийип, комуз көтөргөн бала. Архив
Улуттук кийим кийип, комуз көтөргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаарды аралай басып күндүз жарамазан айткан жаш балдарды көчөдөн кезиктирүү кадимки көрүнүш. Ага эч ким деле маани бербей калган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik, Расул Мурат. Орозо башталары менен жарамазан айтылып келет. Өзгөчө Бишкек шаарында жолдо, дүкөндө, токтоп турган автоунаага, кафе-ресторандарга барып айтуу көнүмүш адат болуп калгандай. Жарамазанды өзгөчө жаш балдар акча табуунун, тилемчилик кылуунун бир жолу катары өздөштүрүп алган. Алардын жаттап алган төрт сабы төмөндөгүдөй:

Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан,
Орозоңуз кабыл болсун бай аке жан.
Адыр, адыр ай тоолордон,
Айгыр минип биз келдик.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдик.
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.

Намаз окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мусулман, христиан, буддист же ар кыл өлкөлөрдөгү динге болгон мамиле
Айрымдары жарамазанды замандын талабына ылайыктап, "жегениңиз жүзүм, өмүрүңүз узун, кийгениң костюм-шым, мингениңиз хаммер болсун" деп алышкан.

Улуу муундагылар жарамазан мурда кеч киргенде айтылганын, аны да атайын даярданып айтышканын белгилеп келишет.

Жарамазан айтуу шариатта жок

Жарамазан айтуу шариатта жок экенин, бул салт катары илгертен келе жаткан ырым экенин муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Жарамазан салттагы нерсе, шариатта бул жок. Ал каада-салтка киргендиктен аны да өзүнүн эреже-тартиби менен айткан туура. Азыр коомчулукта жаш балдар жарамазанды шылтоолоп тилемчилик кылып жүрүшөт. Бул жакшы көрүнүш эмес. Андыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзсө ашыктык кылбайт", — дейт Токтогазы уулу. 

Ат-Башы районунун тургуну Сагын Эмилбаева жарамазанды илгери жокчулук учурунда кедейлер колунда бар кишилерди мактап, ошолорго арнап айтышканын белгилейт. Азыркыдай эмес, жарамазан ар бир кишиге өзүнчө айтылган. 

Кадыр түндө мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү болот
"Жарамазанды кедейлер байлардын жашоо тиричилигин, байлыгын, бала-чакасын мактап айткан. Айрым байлар балалуу болбой, же ден соолугу начарлап жүрсө, ошол мүдөөсү орозо айында орундалсын деп ырдашкан. Үй ээси жарамазан айткан кишинин ырына жараша анын жолдугун жасаган", — дейт Эмилбаева.

Ал эми филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жарамазан айтуу жылкычылардан калган деген кеп бар экенин айтат. 

"Жылкычылар карышкыр жеп кетпесин деп түнү менен жылкы кайтарышкан. Анан азыгы түгөнүп калып курсактары ачканда орозо айында жакын айылдарга келип жарамазан айтышкан экен. Үй ээси колунда бар тамагын берген", — дейт ал.

Султаналиев жарамазанды бир адам бир үйгө бир эле жолу айтышы керектигин айтып, илгери буга жоопкерчилик менен даярданышканын баса белгиледи.

"Мурда жарамазанды үнү бар, сөз байлыгы кенен жигиттер айтышкан. Азыр болсо 4-5 жаштагы балдарга чейин жарамазан айтып, керек болсо бата берип жатпайбы. Кыргызда батаны улуу, көп жашаган адамдар гана берген", — дейт ал. 

Азыркылар жарамазандын төрт сабын эптеп жаттап алып айтып жүрүшкөнү туура эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0