Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн мугалимдер окуп жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМугалим сабак учурунда. Архив
Мугалим сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүүнүн 2012-2020-жылдарга чейинки стратегиялык өнүгүү чараларынын негизинде мугалимдер билимин жогорулатууда.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарында мугалимдер, директорлор менен алардын жардамчылары жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери үчүн окутуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстандык окуучулар АКШда өткөн Эл аралык Genius Olympiad олимпиадасында биринчи орунга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз окуучулары АКШдагы олимпиададан 8 медаль менен кайтышты
Ага ылайык, билим берүүнүн 2012-2020-жылдарга чейинки стратегиялык өнүгүү чараларынын негизинде мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу үчүн мугалимдерди окутуу замандын талабы болууда. Окутуулардын максаты — башталгыч класстарга билим берүүнүн сапатын жакшыртуу болуп эсептелет.

Мындай окутуулар жайкы каникул маалында дагы уланып, 2017-жылдын аягына чейин 11500 адис атайын билимин жогорулатып, алган илимин тажрыйбада колдонуп, билим берүүнүн жаңыланган стандарттарын ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0