Быйыл ажыга барчу зыяратчылар электрондук билерик тагынышат

© Фото / пресс-служба ДУМКЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда зыяратчынын келген өлкөсү, виза номуру, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ажылык амалдарын аткаруу үчүн Меккеге барган зыяратчылар эми электрондук билерик тагынышат. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Сауд Аравиясында зыярат учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мекке: былтыр тепсенди болгон жерде миңден ашуун көзөмөл камералар орнотулду
Анда зыяратчынын келген өлкөсү, виза номуру, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлөт. 

Мындан тышкары, электрондук билерикте ажынын Мекке, Медина жана башка ыйык жайдагы жайгашкан жерлери жана ажы башчынын байланыш номурлары боюнча туроператордун толук маалыматтары камтылат. 

Электрондук билериктеги маалыматтарды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү смартфондун жардамы аркылуу алып турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0