Бишкектеги чоң сааттын циферблаты алтын эмес, атайын лак менен кооздолот

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкек шаарындагы борбордук дүкөндүн (ЦУМ) жанындагы чоң саат. Архив
Бишкек шаарындагы борбордук дүкөндүн (ЦУМ) жанындагы чоң саат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери эгемендиктин 25-жылдыгына карата жасалууда.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы борбордук дүкөндүн (ЦУМ) жанындагы чоң сааттын жебелери атайын лак менен сырдалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Бишкектиктер чоң сааттын "кыргызча" жаңырышын угушту
Эске сала кетсек, аталган чоң саат реконструкция жасоо үчүн жабылды. Буга чейин мэрия сааттын жебелерин сусаль алтыны менен капталарын айткан. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги адистерге таянуу менен алтын түс көпкө чыдабай турганын кошумчалайт. 

Саат "Кыргызтелекомдун" балансында болгондуктан ишкана атайын лак менен кооздоону чечкен. Реконструкция иштери июль айынын ортосунда аяктайт. Оңдоо иштери эгемендиктин 25-жылдыгына карата жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0