Жалал-Абадда аялдар үчүн тергөө абагы ачылат

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүАбактагы аялдар. Архив
Абактагы аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы түрмөнүн ачылышы менен Жалал-Абадга Ош тергөө абагында жаза өтөп жаткан кыз-келиндер которулат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында ушул аптанын соңу менен №53 тергөө абагын ишке берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк аймакта аялдарды кармоочу жайдын жоктугунан улам жаңы абакта кыз-келиндер кармалат. Ал тергөө учурунда камакка алынган 70 аялга ыңгайлаштырылган.

Учурда абактын ачылышы үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Ишке берилгенден кийин ал жакка Оштогу №25 тергөө абагында кармалган аялдар которулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0